Жаңылык

2019-жылдын январь-сентябрь айларында тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жай ишканаларынын өндүрүү иш аракетинин анализи

Кыргыз Республикасынын аймагында 2019-жылдын 1-июнунда айыл чарба азыктарын тамак-аш багытында кайра иштетүүчү 333 юридикалык ишканалар жана республиканын статистикалык бирдиктерди каттоо мамлекеттик регистринин бирдик базасында 10143 жеке ишкерлер катталган.

Иштетүү өнөр жайынын продукцияларынын жалпы көлөмүндөгү тамак-аш азыктары (ага кирген суусундук) жана тамеки өндүрүүчү ишканалардын үлүшүнө отчеттук мезгилде 13,5% туура келген.

2019-жылдын январь-сентябрь айларында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр-жай ишканалары тамак-аш азыктары (ага кирген суусундук) жана тамеки азыктарын 21167,5 млн.сом суммасындагы продукция өндүрүлгөн, физикалык көлөмдүн индекси (мындан ары текст боюнча ФКИ) 101,3% түзгөн.

Тамак-аш азыктары (ага кирген суусундук) жана тамеки азыктарынын структурасында отчёттук мезгилде негизги бөлүктөрүн сүт азыктары (28,5%); алкоголсуз ичимдиктерди (17,5%); нан жана узак убакытка сакталбаган ундан жасалган кондитердик азыктар (15,1%); ун өндүрүү (9,4%); эт азыктары (9,4%) тармактар ээлейт.

Отчеттук мезгилдеги тамак-аш азыктары (ага кирген суусундук) жана тамеки өндүрүшүнүн өсүшү төмөнкү тармактарда камсыз болгон: эт азыктарын өндүрүү – 5,4%ке; сүт азыктарын өндүрүү – 9,9%; нан жана узак убакытка сакталбаган ундан жасалган кондитердик азыктар – 9,4%; алкоголсуз ичимдиктерди өндүрүү – 5,0%; ун өндүрүшү – 1,3%; сухарь жана печенье өндүрүү – 12,0%; дистирленген алкоголдук ичимдиктер жана спиртти тазалоо, купаждоо – 2,5% (ошол эле учурда арак өндүрүүдө азайуу тенденциясы сакталууда: учурда 11,9% азайган), былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине карата аз көлөмдөгү өндүрүш фонунда, жашылча-жемиш кайра иштетүү тармагында – 61,6% 2018-жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу өскөн.

Региондор боюнча продукциянын өсүшү тамак-аш азыктары (ага кирген суусундук) жана тамеки азыктары продукциясынын жалпы көлөмүнүн 34,3% өндүргөн Бишкек шаары боюнча 10,2%га, продукциясынын жалпы көлөмүнүн 49,3% өндүргөн Чүй облусу боюнча 0,7%га; Баткен– облусу 4,3%, Жалал-Абад облусу – 2,8%; Ыссык-Көл облусу – 0,7%, Ош облусу – 8,8%, Талас облусу – 12,8% камсыздалган.

Отчеттук мезгилде региондор боюнча продукциянын азайышы Нарын облусу боюнча 0,3%га жол берилген, ун өндүрүүдө, алкоголсуз ичимдиктерди өндүрүүдө продукциянын азайышы менен шартталган; Ош шаары – 9,9% (эт азыктары, өсүмдүк майлары, сүт азыктары, ун, сыра, алкоголсуз ичимдиктер).

Отчеттук мезгилдеги тамак-аш азыктары, ага кирген суусундук жана тамеки азыктарынын өндүрүшүнүн азайышы кант өндүрүү тармагында 16,7%га азайган – бул жылы кант кызылчасын кайра иштетүүсү заводдор аркылуу 20 сентябрынан кийин башталды.

Өсүмдүк майын өндүрүүдө Ош облусунун Өзгөн районунда өсүмдүк майын чыгаруучу “АПК ЭлДанАталык” ЖЧК нын филиалы “Аталык Өзгөн” завод ишке кирди. Заводдун чийки зат базасын түзүү үчүн “Аталык Групп” корпорациясынын адистери Министирлик менен биргеликте фермерлер үчүн атайын майлуу өсүмдүктөрдү айдоо ыкмаларын, агротехникалык иштерди жүргүзүү боюнча окуу өткөздү жана тастыкталган үрөөндөр менен камсыз кылуу, күзүндө түшүмдү завод сатып алуусуна кепилдик берилген.

Кант өндүрүү боюнча отчёттук мезгил ичинде ФКИ 81,6% былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу түздү, бул көрсөткүч 2018-жылдын кант кызылчасынын түшүмү 2018-жылы кайра иштетилген, бир аз гана саны 2019-жылдын январь айында кайра иштетилди жана азыркы мезгилде заводдор үчүн кант кызылчасын кайра иштетүү мезгили башталган.  

Ферменттелген тамекинин өндүрүлүшү 248,0 тоннаны түздү, бул көрсөткүч 2018-жылдын тиешелүү мезгилине карата 27,8% түзөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28.01. № 28 токтому менен бекитилген «Айыл чарбасын каржылоо-7» долбоорунун негизинде кайра иштетүүчү ишканаларга жана айыл чарбасындагы кызматтарга 2019-жылдын 11 октябрына карата 314 жеңилдетилген насыя 1283,9 млн. сом берилди, бул көрсөткүч берилген насыялардын жалпы суммасынын 25,7% түздү.

2019-жылдын январь-сентябрь айларында 314 долбоор  «Айыл чарбасын каржылоо-7» долбоору менен 1289,3 млн сомго каржыланган. Бул – долбоор боюнча  берилген бардык каражаттын  25,7% түзөт.

Показать текст
Close