Жаңылык

Бакытбек Мамыткановдун Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин директору кызматынан негизсиз бошотулгандыгы тууралуу билдирүүсүнө тийиштүү

Бакытбек Мамыткановдун Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин директору кызматынан негизсиз бошотулгандыгы тууралуу билдирүүсүнө тийиштүү министрликтин басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен Бакытбек Мамытканов 2019-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин директору болуп дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгүнө ички мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин алдына коюлган милдеттерди жана учурдагы маселелерди чечүү боюнча Бакытбек Мамыткановдун аракетсиздиги аныкталган.

2019-жылдын 4-октябрында иштеги начар көрсөткүчтөрүн эске алуу менен Бакытбек Мамытканов Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атына Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин директору кызматынан өз каалоосу менен бошотуу өтүнүчү менен арыз жазган.

Арызды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бакытбек Мамыткановду Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин директору кызматынан бошотуу жөнүндө буйрукка кол койгон.

Ошондуктан Бакытбек Мамыткановдун өзүн саясий ич ара сүйлөшүүнүн курмандыгы, алданып калган адам жана ээлеген кызматынан негизсиз бошотуп жатышкан жөн гана кесипкөй катары көрсөтүп жатканы таң калычтуу болуп турат.

Показать текст
Close