Жаңылык

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн оруп жыйноо иштеринин 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча МААЛЫМАТ

Быйылкы жылдын 1-октябрына карата берилген маалымат боюнча 444,2 миң га кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн аянты жыйналды, же программанын 99,5% түздү. Бүгүнкү күндө талааларда 692 даана дан комбайндары, анын ичинен 318 – Ысык-Көл облусунда иштелип жатат. Андан тышкары, 79 комбайн башка региондордон алынып келинди, анын ичинен 73 – Ысык-Көл облусуна таандык.

Республика боюнча дан өсүмдүктөрүнүн орточо түшүмдүүлүгү 40,4 ц/га түздү же былтыркы жылга салыштырмалуу 11,0 ц/га жогору болду. Дүң жыйымы 1795,2 миң тоннаны түздү же 2018-жылга салыштырмалуу 157,9 миң тоннага көп жыйналды.

Буудайдын 239,8 миң га аянты жыйналды, бул тапшырманын 99,9% түздү, орточо түшүмдүүлүк 27,0 ц/га, 2018-жылдын деңгээлинен 1,5 ц/га көп болду. Арпанын 204 миң га аянты жыйналды, бул 99% түздү, орточо түшүмдүүлүгү 24,5 ц/га, былтыркы жылдан 1,6 ц/га көбүрөөк жыйналды.
Буудайдын дүң жыйымы республика боюнча 646,6 миң тоннаны түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 17,9 миң тоннага көп жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк боюнча жакшы жыйынтыкты Жалал-Абад облусу көрсөттү, ар бир гектарынан – 33,3 центнерден, же 2,5 ц/га көп болуп, оруп жыйноо иштери толугу менен 100,0% аткарылды.

Чүй облусунда дан эгиндеринин оруп жыйноо иштери аягына чыкты.

Республика боюнча буудайдын айдоо аянтынын 43,5%, ал эми арпанын 57,3% Чүй облусунда жайгашкан.

Чүй облусунда буудай 106,6 миң га аянттан жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 28,6 ц/га түздү, же 2018-жылга салыштырмалуу 2,7 ц/га көп жыйналды. Дүң жыйым – 305,0 миң тонна, өткөн жылга караганда 22,2 миң тоннага көп болду.

Арпанын түшүмдүүлүгү боюнча жакшы көрсөткүчтү Чүй облусунун дыйкандары көрсөттү, анын орточо түшүмдүүлүгү – 26,4 ц/га түздү, 108,9 миң га аянттан жыйналды же программанын 99,7 % түздү. Арпанын дүң жыйымы республика боюнча 499,7 миң тонна жыйналып, былтыркы жылдан 83,1 миң тоннага көбүрөөк болду.

Өткөн жылга салыштырганда башка дан өсүмдүктөрүнөн дандык жүгөрүнүн жыйноо иштери жогорку темпте жүргүзүлүп, 80,9 миң га жыйналды, же жалпы аянттын 76,1% түздү, 2018-жылга салыштырмалуу 5,7 миң га азыраак жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк – 66,5 ц/га, же былтыркы жылдын деңгээлине караганда 2,3 ц/га көп болду. Орточо түшүмдүүлүк – 66,5 ц/га, же былтыркы жылдын деңгээлине караганда 2,3 ц/га көп болду. Чанактуу өсүмдүктөрү 41,9 миң га аянттан жыйналып, же жалпы жыйналган аянт 67,3% аткарылды. 2018-жылга салыштырганда 2,6 миң га аз жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 18,7 ц/га болду, бул өткөн жылдын деңгээлинен 0,7 ц/га жогору. Дүң жыйымдын көлөмү 78,1 миң тоннаны түздү.

Май өсүмдүктөрү 23,9 миң га аянттан жыйналып, программанын 92,0 % аткарылды, былтыркы жылга салыштырмалуу 3,3 миң га азыраак жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк 12,7 ц/га түздү, же былтыркы жылга салыштырганда 0,5 ц/га көп. Ал эми, дүң жыйым 30,2 миң тоннаны түздү.
Бардык чарба субъектилеринин оруп жыйноо иштеринин жүрүшү боюнча күйүүчү-майлоочу материалдарына болгон муктаждыктары жана керектөөлөрү камсыз кылынды жана базар баалары 2018-жылдын деңгээлинен ашып кеткен жок.

Показать текст
Close