Жаңылык

Тюмень шаарында бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү

2019-жылдын 10 — октябрында Россия Федерациясынын Тюмень шаарында Кыргыз Республикасынын Бизнес коомчулугунун өкүлдөрү жана  Тюмень шаарынын  ишкерлеринин ортосунда өз ара сооданы өнүктүрүү боюнча талкуу болуп өттү.

Жолугушуу Тюмень облусундагы «Биримдик» кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү аркылуу уюштурулду. 

Кыргызстандан бара албай калган айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн атынан, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы  жана мелиорация министрлигинин кызматкерлери да барышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында  Тюмень облусунун жана Кыргыз Республикасынан барган ишкерлердин ортосунда кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлду.

Мындан сырткары, шаардын базары менен кызматташуунун келечеги бар. Айыл чарба өндүрүшүн, мөмө жемиштерди, кургатылган жемиштерди, жер жемиштерди, балык өндүрүшүн жана сүт азыктарын экспорттоого келечектүү мүмкүнчүлүктөр бар.

Показать текст
Close