Жаңылык

Мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалымат

Мал чарба, асыл тукум иштери жана илим бөлүмү, 2019-жылдын 1-октябрына карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалымат сунуш кылат.

Эт өндүрүү. 2019-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында 289,4 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 5710 тоннага, же 2,0 пайызга өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт көбүрөөк өндүрүлдү.

Республикада эт өндүрүүнүн өсүшү малдын жана үй канаттуулардын санынын көбөйүшү менен байланыштуу. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча ири мүйүздүү малдын саны өткөн жыл менен салыштырмалуу 51862 башка көбөйгөн, кой жана эчкинин саны – 90174 башка, жылкылардын саны – 17355 башка жана үй канаттуулардын саны 99279 башка көбөйгөн.

Белгилей кетчү нерсе 2019-жылдын январь-сентябрь айында республиканын бардык облустарында, 2018-жылдын ушул мезгилине карата эт көбүрөөк өндүрүлгөн

Сүт өндүрүү. 2019-жылдын январь-сентябрь айында республика боюнча 1268,5 миң тонна сүт өндүрүлдү, 29,1 миң тоннага, же болбосо 2,4 пайызга былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сүт өндүрүү көбүрөөк болду.

Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөн.

Республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү уйлардын саны өткөн жыл менен салыштырмалуу 22800 башка көбөйүшү менен байланыштуу.

Жумуртка өндүрүү. Отчеттук мезгилинде республикада 444368 миң даана жумуртка өндүрүлдү, же былтыркы жылга салыштырмалуу 22671 миң даанага же 105,4 пайызга көбүрөөк болгон.

Жумуртка өндүрүү, Чүй облусунан тышкары, бардык республиканын облустарында өсүүдө. Чүй облусунда жумуртка өндүрүү 3957 миң даанага төмөндөшү байкалат же өсүү темпи өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 98,4 пайызды түздү. Ушул облустагы Сокулук жана Чүй райондорунда жумуртка өндүрүүнүн өсүү темпи өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 92,8 жана 85,9 пайызды түздү. Бул райондордо жумуртканын өсүү темпинин төмөндөшүнүн эң негизги себеби Сокулук районунун “Сокулук” жана Чүй районунун “Искра” канаттуулар фабрикаларында мекиян тоокторун сатып жибергендигине байланыштуу болду.

Жалпы республика боюнча жумуртка өндүрүүнүн көбөйүшү үй канаттуулардын саны былтыркы жыл менен салыштырмалуу 151618 башка көбөйүшү менен байланыштуу.

Жүн өндүрүү. 2019-жылдын 1-октябрына карата республика боюнча 12943,3 тонна жүн өндүрүлдү, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 101,1 пайызды түздү. Республиканын бардык облустарында жүн өндүрүүнүн өсүү темпи жогору болгондугу байкалат. Жүн өндүрүү өсүү темпинин эң жогорку көрсөткүчү Нарын (102,5 пайыз), Чүй (101,4 пайыз) жана Жалал-Абад (101,2 пайыз) облустарында байкалат.

Показать текст
Close