Маанилүү жаңылык

Айыл чарба министрлиги менен Корея деңиз институту Меморандумга кол коюшту

2019-жылдын 18-июль күнү Кыргыз Республикасынын айыл чарба тамак-аш өнөр   жайы жана мелиорация министри                    Эркинбек Чодуев  Түштүк Кореянын деңиз институтунун Президенти Чанг-хо Янг менен балык чарбасында кызматташууга Меморандумга кол коюшту.

Бул макулдашуунун негизги максаты балык чарбаларды өнүктүрүү ошондой эле балыктын көлөмүн өстүрүү. Мындан сырткары балык чарбасы боюнча адистердин квалификациялык билимин жогорулатуу максатында Кореялык деңиз институту менен тыгыз кызматташуу, жана башка айыл чарба багытында да кызматташууга кызыктар экенин билдирди.

Учурда балык чарбасы Республикада өсүү темпи жакшы . 2018-жылы 450 тонна балык экспортко чыккан.  2019-жылы 820 тонна балык экспортко чыкты. Балыкты экспортко чыгарууда  логистикалык борборлор боюнча да маселелер бар. Балык чарбасы боюнча кызматташуу эки өлкөгө жакшы пайдасын берерин айтты Э. Чодуев.

Показать текст
Close