Новость 25 июля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

 Айыл чарба министрлигинин коллегиясы өттү

2018-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2018-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылган ишмердүүлүгү жөнүндө коллегиясы болуп өттү.

Коллегияга  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы А.Жээналиев,  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н. Мурашев, министрликтин жетекчилери, департаменттин директорлору, Чүй облусунун райондорунун агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары жана тиешелүү кызматкерлер катышты.

Коллеганын жүрүшүндө айыл чарба багытында аткарылып жаткан иштер боюнча төмөндөгүдөй маалымат берилди:
Өзгөчө “Айыл чарбаны каржылоо” программасы боюнча жеңилдетилген акча насыяларын берүү  жакшырып-  10 миңден ашуун дыйкан-фермерлерибизге-4,7 млрд, же өткөн жылдан 1,2 млрд. сомго жеңилдетилген насылар көп берилди. Анын ичинен кепилдиги жок 24 млн.сом  алышкан.
-2011-жылдан бери дыйкан-фермерлерге 2,5 миң айыл чарба техникалар,  ал эми быйылкы жылы 171 даана техникалардын лизингке берилди.
-акыркы 5 жылдын ичинде 7705 сорт тажрыйбасын аткарган, анын ичинде 3523 сорт тажрыйбасы дан эгиндер жана чанактуу дан эгиндери; 2018-жылы 1820 сорт тажрыйбасы аткарылууда, анын ичинде 820 сорт тажрыйбасы дан эгиндер жана чанактуу дан эгиндери.
Бул айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү  жаңы сортторун жана аргындарын (гибриддерин) пайдаланууга, шарт түздү.
Жогорудагы көрүлгөн иш-чаралардын негизинде  пайдаланбаган айдоо жерлерди өздөштүрүнүн  эсебинен   өткөн жылга салыштырганда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы себүү аянты  1214,9 миң га түзүп,  2017-жылга караганда 7,8 миң га көп болду.
Жалпы айдоо аянттарынын- 924,1миң га, же 71,8% дыйкан-фермелердики, малекеттик жана  коллективдик  чарбалардыкы 54,4 мин, га,же 4,2 % жана 75,9 миң.га, же 5,9 % элдүү пуктарда жайгашкан. ФПС-223,3 мин.га  же 17,3% түзөт.
2017-жылдын күзүндө  2018-жылдын түшүмү үчүн күздүк буудай 206,4  миң гектарга, өткөн жылга салыштырмалуу 28,7 миң га  көп себилген.
Акыркы  5-жылда  пайдаланылбаган айдоо аянттары 110 миң гектардан  67,3 миң га чейин, же 42,7 миң га азайган.-
Натыйжада, 2018-жылдын  алты айынын жыйынтыгы боюнча айыл чарба азыктарынын дүң чыгарылышы 55млрд.  655,9млн. сомду түзүп, өсүү темпи 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 101,6 пайызга өстү. Анын ичинен талаачылык боюнча 7 млрд.723,5 млн.  сомду түзүп, өсүү темпи 98,2 пайызга жетти, ал эми мал чарбасы 45 млрд. 361,6 млн сомду ттүзүп өсүү темпи 10,2,2 пайыз болду.
Буга Министрлик тарабынан республикалык, облустук жана райондук деңгээлде өткөрүлүп жаткан окуп үйрөтүүчү семинарлар “талаа-күндөрү да өз таасирин берип жатат.
Талаачылыктын негизги приоритеттери болуп экспортко багытталган айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү болуп саналат, Ошондуктан жалпы саясий-экономикалык шарттарга ылайык айыл чарба продукциясына  болгон рыноктук талапка  жана экспорттук дараметке ылайык приоритеттүү болгон  пахтанын, картошканын, жашылча, бакчалардын  жана  мөмө-жемиштердин көп жылдык чөптүн, аянттары туруктуу  өсүүдө. 2018-жылы   пахта өткөн жылга караганда  2,5 миң га көп болду, мунун себеби бүткүл дүйнөлүк биржада пахтанын баасы жогорулашынан болуп жатат.
Тамекинин айдоо аянты  0,7 миң га жетип, дүң жыйым 1,8 миң тоннага жетүүсү болжолдонууда.
Картөшкөнүн аянты  84,4 миң га түзүп, 2017 жылдан 1,4 миң га көп.
Жашылча  52,0 миң га жана бакча өсүмдүгүн 11,6 миң га  деңгээлинде стабилдештирилди.
Кант кызылча өткөн жылга салыштырганда 1,0 миң га аз болду. Бирок түшүмдүүлүк былтыркы жылга салыштырмалуу жогору болуусу күтүлүүдө. Бул республиканын калкын кумшекер менен толук камсыздалышына жана сыртка экспорттого шарт түзүлөт.
. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун  сактоо максатында 2018-жылдын түшүмү үчүн  жалпы дан  өсүмдүктөрүнүн жалпы аянты 11,0 миң гектар көбөйүп-626,0 миң гектарды түздү.  Анын ичинен буудайдын 2017-жылга карата 3,9 миң га аянтка  көбөйгөн, аны  өстүрүүдө интенсивдүү технологияны колдонуу менен  жогорку түшүм берүүчү “Москва-39”, Гром-россиялык селекция, Ажара жана Влада-Кыргызстан селекциясы; Арман, Карасай, Наз,-казах селекциясы сортторун колдонууну сунушталууда.
Малдын  өсүшүнөн,  экологиялык таза продукциясынын ата мекендик жана эл аралык рынокто өзгөчө сүттүн жана эттин керектөөсүнө   карата көп жылдык чөптөрдүн чабуу аянты 330,6 миң га жетип, 2017-жылдан  8,0 миң га көп болуп, жалпы айдоо аянтынын салыштырма салмагынын 27,2% түзөт.
Жүгөрүнүн айдоо аянты 3,7 миң гектарга жогорулап-105,1 миң гектарды түздү.
Күрүчтүн  аянты 11,00 миң га түздү, келечекте  12 миң га чейин жеткирүү сунушталууда. .
Акыркы 3 жыл ичинде  мөмө-жемиштердин түшүмү жана дүң жыйымы бир топ жогорулады. 2016-жылы 209,2 миң тонна түзсө, 2017-жылы 240,3 миң тонна жана 2018-жылы дүң жыйым 260,0 миң тоннага күтүлүүдө.. Келечекте мөмө-жемиштер Кыргызстандын брендиси болуп, ички  рыноктон сырткары  ЕАЭБ   мамлекеттерине экспорттолот.
Ошол эле убакта оптималдаштыруунун эсебинен төмөнкү рентабелдүү май өсүмдүгү өткөн жылга салыштырмалуу -4,3 миң га  азайган.
Жазгы талаа  жумуштарында  айылдык товар өндүрүүчүлөр үрөн менен жетиштүү камсыз болушту. Ошондой эле минералдык жер семирткичтер, химикаттар, биологиялык препараттар жана дизельдик отун  менен камсыз болуп турулду.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн оорулары жана зыянкечтери менен күрөшүүдө, жалпы республика боюнча-96,2 миң га аянтка жүргүзүлдү, же өткөн жылга салыштырмалуу 29,2 миң га аянтка көп.    .
Чегиртке  зыянкечтери менен күрөшүүдө-162,2 миң га аянтка изилдөө жүргүзүлдү, анын ичинен  136,5 миң га аянтка химиялык иштетүү туура келди. Нарын облусунан башка облустарда чегиртке зыянкечтерине каршы күрөшүү  жумуштары аяктады.. Ал эми  Нарын облусунда- Ат-Башы районунда-400 га   иштетүүгө калды. Чүй облусунда Америкалык ак көпөлөккө каршы күрөшүү боюнча  масштабдуу изилдөө иштери жүргүзүлүүдө
Жаратылыш кырсыктары боюнча 2018-жылы жаз айынын күндөрү республиканын баардык аймагында нөшөрлөгөн жамгыр жаап айыл чарба өсүмдүктөрүнө чоң залалын тийгизип республика боюнча жалпы 1300 га аянтта айыл чарба өсүмдүктөрү зыянга учурап, болжолдуу чыгым-114 млн. 117,0 миң сомду түздү.
 Баткен облусунун Лейлек, Ош облусунун  Ноокат, Өзгөн жана Жалал-Абад облусунун Аксы Ала-Бука районундарында айыл чарба өсүмдүктөрү жабыркаган.
Быйыл суу булактарында суунун көлөмү жетишээрлик деңгээлде болгонуна карабастан,  сугат сууну натыйжалуу, коромжусуз пайдалануу багытында суу чарба кызматкерлери тарабынан ар дайым текшерилип,  көзөмөлгө алынып турулууда.  Учурда  айыл чарба өсүмдүктөрүнүн -1854,2 миң га   сугарылган,  же бул өткөн жылдын дегээлин түзөт . Биринчи вегетациялык сугарууда  902,8  миң га, ал эми  экинчи сугат менен-749,1 миң.га сугарылган.
Акыркы жылдары дыйкандарыбыз дыйканчылыктын сырларын өздөштүрүп, ар түрдүү шарттагы жерлерге  адырларга жана кумдуу, таштуу жерлерге  бак дарактардын көчөттөрүн отургузуп жатышат. Ошондуктан, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө суу ресурстарын башкаруу боюнча жаңы заманбап технологияларды (тамчылатып сугаруу системаларын өнүктүрүүнү) ишке ашыруу жолу менен стимулдаштырсак болот. Булар сугат суунун эффективсиз колдонуусун кыскартканга жардам берет.
Бул багытта «Кыргыз Республикасында 2019-2026-жылдар ичинде тамчылатып сугаруу системасын өнүктүрүү боюнча» концепциянын долбоору иштелип чыгып учурда коомдук талкуудо турат.
Республика боюнча 2018-жылдын 1-июлуна карата 933 чарбакер субъектиси 2281,7 га жерге тамчылатып сугаруу системасын орнотуп иштеп жатышат.
Мындан сыркары республика боюнча 2018-жылдын 1-июлуна карата 2400 даана ар түрдүү типтеги күнөсканалар  курулуп ишке киргизилген жана алардын ээлеген аянты  164,0 гектарга жетти слайдды кара.
2018-жылдын 1-июлуна карата күнөсканаларда 5206,49 тонна помидор, 6670,08 тонна бадыраң, 39,96 тонна цитрус өсүмдүктөрү жана 4532,15 тонна жашыл жашылчалар өстүрүлүп ички базарларда сатылып жатат.
Эми  оруп жыйноо иштери тууралу кыскача  маалымат бере кетейин . Оруп-жыюунун жүрүшү  боюнча массалык- маалымат каражаттары жергиликтүү облустук, райондук ошондой эле “КТР”, “ЭЛТР”, “МИР” телевидениелери жана КТРдин биринчи радиосу аркылуу интервюлар уюштурулуп жатат.
Кылкандуу дан эгиндеринин түшүмүн жыйноо. Учурда Ысык-Көл, Нарын облустарын, Чүй облусунун Суусамырды жана Чаткал, Чоң-Алай райондорун  эсепке албаганда,   бардык  региондордо оруп жыйноо иштери белгиленген  график  боюнча жүрүп жатат.
Ысык-Көл,  Нарын облусунан 142 комбайндар Чүй облусундагы  оруп-жыюуга  келип иштеп жатат. Түштүк региондордо да ушул сыяктуу, комбайндар жетишсиз болгондуктан  башка региондордон  жиберилип жардам берип  жатышат
Оруп жыйноого комбайндардын   80-90 %  катышып, ар бир комбайнга болгон  (нагрузка)  орточо 200-285 гектарды түзөт.
Дыйкандар 1,0 га жердеги буудай, арпаны  оруп берүүгө түштүк облустарда- 3000-3500 сомдон,  түндүк облустарда 2000 -2500 сомдон (соляркасы ичинде)  акы төлөп  жатышат.
Оруп жыйноо иштерине  керектелүүчү 33,9 миң тоннанын, 18,7 миң тонна дизелдик отун бар же  54,9 %  түзөт. Орточо баасы 44,2 сом/литр түзөт. Автобензин – 7,0 миң тонна же 58,9%, орточо баасы 43,4 сом/литр түзөт.
Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыкчам  маалыматы боюнча, 2018- жылдын 23 – июлуна карата жалпысынан 132,1 миң га кылкандуу дан эгиндеринин аянттары жыйналып- 29,6 % түздү, же былтыркы жылдан  8,5 миң гектарга көп.  Түшүмдүлүгү -26,5 ц/га түзүп, өткөн жылдан 2,0 ц/га көп. дүң жыйым-346,8 миң тоннага жетип, былтыркы жылдын денгээлинен 26,4 миң тоннага көп.
Анын ичинен буудайдын 71,5 миң га аянты, же жалпы аянттан 28,2 % жыйналды.  Түшүмдүүлүк 28,4 ц/га болуп, былтыркы жылдан 1,3 ц/га көп,  дүң жыйымы  201,2  миң га түзүп, былтыркыдан 16,5 миң тоннага көп болууда.
Ал эми арпанын 60,6 миң га аянты, же 31,4% жыйналды, же былтыркы жылдан 4,1 миң гектарга көп, түшүмдүүлүк 24,0 ц/га болуп, өткөн жылдын деңгээлинде, дүң жыйым 145,6 миң тоннаны түзүп, былтыркы жылдан 9,9 миң тоннага көп.
Ал эми  Жалал-Абад , Баткен облустарында  буудайдын түшүмдүлүгү 31,0-30,5 ц/га түзүп,  2017-жылдан 1,0-0,1  ц/га көп болду. Сузак  району боюнча буудайдын түшүмдүүлүгү 39,5 ц/га түзүп, былтыркы жылдагыдан-2,3  ц/га көп болду.
Учурда  Ош, Баткен, Жалал-Абад  облустарында картошка, жашылча жана бахча өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштери жүрүүдө.
Картөшкө  3,9 миң га аянты жыйналып, же аянттын 4,6  % түзөт.        -Түшүмдүлүк- 153,8 ц/га, же өткөн жылдан 1,8 ц/га  көп болууда. Дүң жыйымы  58,8 миң тоннаны түздү.
Жашылчанын дүң жыйымы 153,7  миң тоннаны түзүп, 2017 жылга карата 22,2 миң тоннага көп.
Бахчанын- дүң жыйымы  62,9  миң тоннаны түзүп, өткөн жылдан 3,6 миң тоннага көп болууда.
Ал эми тоют топтоо быйылкы жакшы темпте жүрүүдө. Баардык топтолгон тоюттун көлөмү 1млн, 366 миң тонна, же өткөн жылга салышытырмалуу 22,0 миң тоннага көп.
Министрлик, сүт-эт продукцияларына суроо-талабын эске алып, кошумча концентраттык тоютту арпанын  жана жүгөрүнүн  аянттарын кеңейтүүнүн эсебинен, ал эми кесек тоютту саман жана көп жылдык чөптөрдүн себүү аянттарын кеңейтүүнүн эсебинен тоют базасын камсыз кылууну колго алат.
Мындан сырткары, кошумча төө буурчактын, кант кызылчасынын, жүгөрүнүн, буудайдын данынын кайра иштелмесинин жана буурчак өсүмдүктөрүнүн өндүрүлгөн калдыктарынын тоюттун резерви катары пайдалануу боюнча сунуш берип жатабыз.
Мал чарбасы боюнча айта турган болсок, бул тармак туруктуу өсүүдө. 2018-жылдын 6 ай ичинде республика боюнча 177,7 миң тонна эт (тирүүлөй салмакта) өндүрүлдү, бул 3,6 миң тоннага же болбосо 2,1 пайызга мурунку жылга салыштырмалуу көп өндүрүлдү. Эт өндүрүүнүн жогорулашынын негизги себеби айыл чарба малдарынын башынын көбөйүшү болуп эсептелет.
Белгилей кетчү нерсе республиканын баардык облустары боюнча эт көп өндүрүлдү.
2017-жылдын аягында, өткөн жылга салыштырмалуу ири мүйүздүү малдар 47,6 миң башка, кой-эчкилер 55,2 миң башка, чочко 1,0 миң башка, жылкы 14,0 миң башка көбөйгөн.
Ошондой эле, республика боюнча сүт өндүрүү 732,7 миң.тонна болуп, 15,6 миң тоннага же болбосо 2,2 пайызга мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көп болду.
Сүт өндүрүү Талас облусунан албаганда, республиканын бардык облустарында көбөйгөн, сүт өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшүнүн негизги себеби саан уйлардын башы 19,8 миң башка көбөйүшү болуп эсептелет.
Талас облусунда сүт өндүрүүнүн 0,8 % же 285 тоннага азайышынын себеби, саан уйлардын 344 башка кыскаргандыгы.
Ал эми республикада 283381 миң даана жумуртка өндүрүлүп, же былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21275 миң даана жумурткага же 108,1 % пайыз болду. Республиканын баардык облустарында жумуртка өндүрүү өсүүдө.
Жарым жылдыктын жыйынтыгында, республика боюнча 12552 тонна жүн өндүрүлдү, же былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 208 тоннага көп. Республика боюнча кыркын иштери уланууда.
Асыл тукум иштери жөнүндө. Бүгүнкү күндө республикада ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандыруу үчүн 445 пункт иштеп жатат.
Республикадагы жасалма жол менен уруктардыруу пунктарынын суроо-талаптарынын негизинде АКШ мамлекетинен алынып келинген асыл тукум букалардын уруктары жана суюк азот менен камсыздалып жасалма уруктандыруу жүргүзүлүүдө.
Жайыт чарбасы. 2018 жылдын 6 айында жайыт колдонуучулардан жайытты колдонуу үчүн республикага 78722,2 мин. сом келип түшкөн. Былтыркы жылга салыштырганда 1976,7 мин. сом көптүк кылат.
Балык чарбасы. 6 айда республикада 918,539 тонн товардык баалык өндүрүлгөн.
Ысык-Көл  көлүнө  Ысык-Көл форелинин  жана сига лудоги чабактары кое берилген. Киров суу сактагычына жана Папан суу сактагычына карп балыгынын түрлөрүнүн личинкасы кое берилген.
.Урматтуу Коллегиянын катышуучулары! Республикада айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү максатына жетишүү биздин айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жаңы технологиялар жана методдор менен маалымдоосуна карата комплекстүү жана системалык чараларсыз мүмкүн эмес.  Министрликтин аткарган иштери бекитилген иш-пландын негизинде жүргүзүлүп жатат. Албетте, ар кандай жүйөөлүү себептер менен  артта калуулар да бар. Бирок,  жетишкендиктер андан көбүрөөк.  Ошондой болсо да, алдыда көптөгөн максаттар жана аткара турган иштер көп:
Сиздер эсиңиздерден чыгарбашыңыздар керек азыркы заманбап жашоодо айыл чарба министрлигинин ролу бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болууда.
Бүгүнкү күндө дыйкандар өздөрү демилге көтөрүп, жеке тажрыйбасы жана билиминин негизинде долбоорлорду түзүшөт. Менин оюмча, республиканын көптөгөн аймактарында ушул сыяктуу жаңы идеядагы дыйкандар бар. Мындай дыйкандарга биз колдоо көрсөтүшүбүз керек.
Келечекте, буурчактын жаңы сортторун сыноо иштерин өткөрүү боюнча кызматташууну улантуубуз зарыл, ошондой эле түрк тараптын жардамы менен үрөн көбөйтүү тилкелерин айдоону уюштуруубуз керек.
Картошка сортторун  отургуза турган материалын жаңылатуу жана оорулардын таралуусун алдын алуу максатында сырттан алып келүү иштерин күчөтүү талап кылынат. Мисалы оруссия менен 22 августа Кочкордо семинар өткөрүлөт
Кургакчылык, суунун тартыштыгы жана башка жагдайсыз факторлор  түрүндөгү-жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу максатында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүлүгүн   жогорулатуу үчүн,  интенсивдүү технологияга отуу зарыл.
Ресурстарды рационалдуу колдонуусунун керектөөсү  учурда болуп жаткан климаттын өзгөрүүсү менен да байланыштуу. Ушунун негизинде Өкмөт климаттын өзгөрүшүнө карата адаптациялоо жана терс кесепеттерди жумшартуу боюнча иш-чараларды аткарып жатат.
Учурда базар экономикасы өнүккөн алдынкы мамлекеттерде айыл чарба министрлиги анын жер-жерлердеги органдары кошумча нарктын звенолорун байланыштыруучу жардамчы катары роль аткаруулары зарыл деп эсептейм.
- ошондуктан региондорду өнүктүрүүдө министрликтин алдында өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга,  айыл чарба продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана агроөнөржай комплексинде кластерлерди түзүүгө багытталган иштерди жүргүзүү милдети турат.
айыл чарбалык продукцияга мамлекеттин ички керектөөсүн камсыздоо жана өлкөнүн экспорттук потенциалын арттыруу максатында, логистикалык борборлорду түзүү менен, продукцияны  сактоо системасын жакшыртуу жана продукцияны сертификациялоо системасын  өнүктүрүү жагы ишке ашырылат;
- өсүмдүк жана мал айыл чарба продукциясынын  сапатын аныктаган  азыркы талаптагы эл аралык стандарттарга жооп бере турган атайын лабораторияларды ачуу иштери аткарылат;

Мындан тышкары, быйылкы жылы күздүк кылкандуу дан эгиндерин себүү алдында жерди сугаруу, айдоо жана буудай жана арпанын үрөнүн себүү кондициясына жеткирүү  боюнча графиктер, ошондой эле Дотация Мыйзамынын   механизмдери иштелип чыгууда. Коллегиянын жыйынтыгында Асыл тукум малдын башын көбөйтүү, өсүмдүктөрүн зыянкечтерин алдын алуу, чет өлкөгө экспорттолгон айыл чарба продукцияларынын кайтарылып жаткандыгы жөнүндө жана жеке ишкерлерге айыл чарба продукцияларын экспорттоо тууралуу малыматтарды толук жеткирүү жөнүндө суроолор берилип, сунуштар айтылды.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок