Новость 4 июня
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

“Тянь-Шань” балык чарбасында балык чарбаларды өнүктүрүү жөнүндө көчмө жыйын өткөрүлдү
2018-жылдын 4-июнунда Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Вознесеновка айылында ЖЧК “Тянь-Шань” балык чарбасында, Кыргызстандагы балык чарбаларын өнүктүрүү, логистикалык борборлорду куруу, өлкөдөн сыртка сатууга балыктын көлөмүн өстүрүү жана жалпы балык чарбаларынын бүгүнкү күндөгү абалы жөнүндө көчмө жыйын өттү. 
Көчмө жыйынга, Кыргыз Республикасынынн Айыл чараб, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, КРнын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурустары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитеттинин, Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменттинин,КРныны Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, КРнын Чүй облусттук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин, КРнын экономика министрлигинин, КРнын финансы министрлигинин, Панфилов райондук администрациясынын, балык чарбанынын өкүлдөрү катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө, ЖЧК “Тянь-Шань” балык чарбасын жеринен кыдырып, таанышуу болду. “Тянь-Шань” балык чарбасынын кубаттуулугу Кубулжума форель балыгынын 300 миң даана чабагы чыгаруу. 9 жабык тибиндеги бассейиндер, 300 метр тереңдиктен алынган артезиан суу скважинасы жана балык чабактарын чыгарууга ылайыкталган шарттар каралган. Жалпы ишкананын учурдагы кубаттуулугу 100 тонна балык өндүрүүгө ылайыкташтырылган.
Көчмө жыйында министр Нурбек Мурашев өз сөзүндө “Акыркы жылдары балык азыктарын өндүрүү иштери жанданып келе жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Учурда балык чарба тармагында иштеп жаткан физикалык жана юридикалык жактарды тактоо максатында көлдөрдү, көлмөлөрдү жана суу сактагычтарды инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүүдө.  Тактоонун алгачкы жыйынтыктары, бул тармактын өсүп бара жаткандыгынан кабар берет. Тактап айта турган болсок, Чүй облусунда жалпысынан 538 даана көлдөрдүн, көлмөлөрдүн жана суу сактагычтардын бар экендиги такталып, болжол менен 1500 дөн ашуун адамдар балык чарбачылыгы менен алектенип, иш менен камсыз болгондугу аныкталган. Мындай көрүнүш, айыл чарба тармагындагы жакшы саамалык десек болот”- деди ал.
Талкуунун жыйынтыгында, Кыргызстандын шартында балык чарбасын өндүрүүгө эң жакшы шарт бар экендиги айтылып, учурда Логистикалык борборлорду, муздаткычтарды куруу, каржы жагынан колдоо көрсөтүү жана улуттук балык чарба ассоциация түзүү жана балык чарбасынын токтомдоруна толуктоолор киргизилип, өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүлүүсү айтылды. Көчмө жыйындын жыйынтыгы суроо-жооптор менен аяктады.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок