Новость 5 апреля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Кыргыз -Түрк “Манас” университетинин Айыл чарба факультети тарабынан “Кыргызстанда күнөсканалардын өнүгүүсү” аттуу тегерек стол өткөрүлдү.
2018-жылдын 29-30 март айында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Айыл чарба факультети тарабынан “Кыргызстанда күнөсканалардын өнүгүүсү” аттуу тегерек стол уюштурулуп, семинар өткөрүлдү
Бул семинарга Түркиянын Кыргызстандагы Элчилиги, Түркиянын ТИКА Координаторлугу, КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Ташболотов Максатбек Ташболотович, Прогрессивдүү технологияларды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Аскарбек Сагынбаев, жетектөөчү адиси Дүйшөнкул Рысбаев, КТМУнун Ректору Проф., докт. Себахаттин Балжы жана Түркиянын  5 унверситеттеринен келген билим адамдары жана иш адамдары менен Кыргызстандан 30 дан ашык айыл чарба  тармагында эмгектенген окумуштуулар, мекемелердин, фермерлеринин катышуулары менен бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылуу, билим, илимий изилдөө багытындагы өз-ара байланыштарды чыңдоо, ошондой эле студенттерди өндүрүштүк практикага тартуу сыяктуу маселелерди түздөн-түз баарлашуу жолу менен чечүү максатында айыл чарба факультети тарабынан 2018-жылдын 29-30 -мартында Кыргыз - Түрк "Манас" университетинин Жал кампусунун К. Тыныстанов атындагы конференция залында “Кыргызстанда күнөскана өнүгүүсү” аттуу тегерек стол уюштурулду.

Эки күнгө созулган тегерек столдо Чүй облусунун Сокулук, Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунан келген фермерлер күнөскана иштетүүнүн теория жана практикалык жолдорун үйрөнүштү, тегерек столдун соңунда Түркиянын Кыргызстандагы Элчилиги, Түркиянын ТИКА Координаторлугу, КР Айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Ташболотов Максатбек Ташболотович, КТМУнун Ректору Проф., докт. Себахаттин Балжы баардык катышуучуларга сертификат жана активлүү катышкандар үчүн ыраазылык баракчалары берилди.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок