Новость 20 марта
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

         Эл аралык ишканалардын жетекчилерин сыйлоо аземи болду

 2018-жылдын 20-март күнү Эл аралык ишканалардын жетекчилерин  Кыргыз Республикасынын  айыл чарбасына жана прогрессивдүү технологияларды (тамчылатып сугаруу жана күнөсканаларды) өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев «Ардак Грамотасы» менен Агнес Лузту -ЮСАИД «Агро Горизонт» долбоорунун жетекчисин, доктор Агнес Волль Шлягерди - GIZ долбоорунун  жетекчиси (содействие занятости и профессиональному обучению) жана Дорджи Кинлайды-Бириккен Улуттар Уюмунун ФАО эл аралык ишканасынын Кыргызстандагы өкүлүн, ошондой эле Асаналиев Турусбек Усенбековичти – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы, «Агроэкотехсервис» ачык акционердик коомунун директорун сыйлады.
Атап айтканда ЮСАИД «Агро Горизонт» долбоору тарабынан каржыланып Ош облусунун Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондорунун жана Нарын облусунун Ак-Талаа, Нарын жана Ат-Башы райондорунун жеке фермерлерине күнөсканаларды курушуп, аларды окутушуп, кошумча иш орундары менен камсыз кылышууда.
Ал эми Германиянын эл аралык GIZ долбоору тарабынан студенттерге практикалык жактан окутуу иштерин жүргүзүүгө шарт түзүү максатында Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айыл өкмөтүндөгү, Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүндөгү, Нарын облусунун Кочкор районундагы, Талас облусунун Талас районундагы жана Ысык-Көл облусунун  Кара-Кол шаарындагы  профессионалдык техникалык училищалардын базасына күнөсканаларды куруп беришти.
Ал эми ФАО Эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан тамчылатып сугаруу системасын жайылтуу боюнча бир топ иштер жүргүзүлүүдө. Өткөн жылда Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун 8 га жердеги бактарга тамчылатып сугаруу системасы коюлуп,  демонстрациялык участка катары колдонууга берилди. Андан тышкары жакыр аялдарга жардам көрсөтүү долбоору боюнча  Жалала-Абад облусу боюнча 12 участкага, Ош облусу боюнча 12 участкага жана Баткен облусу боюнча 4 участкага тамчылатып сугаруу системаларын орнотуп, учурда иштер улантылууда.

 

 

 

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок