Новость 19 марта
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Айыл чарба министрлиги Ош облусунда аймактарды өнүктүрүү жана өлкөдөгү айыл чарба кооперативтерин түзүү максатында тегерек стол өткөрдү
2018-жылдын 16-мартында Ош облусунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги аймактарды өнүктүрүү максатында, өлкөдөгү айыл чарба кооперативтерин өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр жана аны чечүүнүн жолдору деген темада тегерек стол өткөрдү.
Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев, министрликтин алдындагы департаментердин башчылары, кооперативтерди өнүктүрүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана Ош облусунун губернаторунун орун басары Ахматжан Махаммадов, облустун бардык райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары-акимдери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, дыйкандар-фермерлер катышты.
Семинардын жүрүшүндө министрдин орун басары Э. Чодуев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын улуттук статистикалык комитетинин маалыматына караганда 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча республикада 360 айыл чарба кооперативдери болсо алардын ичинен 44 товардык-тейлөө айыл чарба кооперативдери бар.
Өлкөбүздө иштеп жаткан кооперативдердин көпчүлүгү өндүрүш кооперативдери болуп саналат. Ал эми башка өлкөлөрдө кооперативдердин 95 пайызы сервистик жана кайра иштетүүчү кооператив болуп саналат. Ошондуктан биз сервистик жана кайра иштетүүчү кооперативдерди өнүктүрүүгө көңүл бурушубуз керектигин айтты.
Тегерек столдо жеке жана дыйкан чарбаларга колдоо көрсөтүү;
Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерине кооперативдерди түзүү;
“Бир айыл - бир азык”деген аталышта айыл чарба кооперативдерин түзүү;
Айыл чарба кооперативдерин түзүүдө жер-жерлерде массалык-маалымат каражаттары аркылуу иш-чараларды жүргүзүү.
Тегерек столдун жыйынтыгы менен аныкталган көйгөйлүү маселелерди ишке ашыруу максатында тийешелүү укуктук-ченемдик актыларга өзгөртүүлөргө жана жеңилдетилген насыяларды , айыл чарба техникаларын , кайра иштетүү жабдыктарын берүү жагын колго алуу;
Кооперативдерди 2017-2021-жылдарда өнүктүрүү концепциясындагы жана “Жаңы доорго-Кырк кадам” программасында иш-чараларды аткаруу максатында ар бир облуста ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен министрликтин ортосунда жумушчу топторду түзүп биргеликте иштөөнү камсыз кылуу максатында презентациялар окулуп, сунуштар айтылды.
Тегерек столдун жыйынтыгында өлкөдө тамекинин өстүүрүү аянтын көбөйтүү, тамекини өндүрүүнү жакшыруу максатында талкуу болуп, сунуштар айтылды. Семинардын катышуучулары суроолорду беришип, министрликтин адистеринен жеткиликтүү жоопторду алышты.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок