Новость 15 марта
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Айыл чарба министрлиги түштүк жергесинде  аймактарды өнүктүрүү жана өлкөдөгү айыл чарба кооперативтерин түзүү максатында семинарларды өткөрүүдө

Айыл чарба министрлиги түштүк жергесинде аймактарды өнүктүрүү жана өлкөдөгү айыл чарба кооперативтерин түзүү максатында семинарларды өткөрүүдө. 2018-жылдын 14-15-мартында Баткен, Жалал-Абад облустарында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги аймактарды өнүктүрүү максатында, өлкөдөгү айыл чарба кооперативтерин өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр жана аны чечүүнүн жолдору деген темада тегерек стол өткөрдү.
Семинарга министр Нурбек Мурашев, министрдин орун басары Эркинбек Чодуев, министрликтин алдындагы департаментердин башчылары, кооперативтерди өнүктүрүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана Баткен, Жалал-Абад облустарынын губернаторлору, орун басарлары райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчылары-акимдери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, дыйкандар-фермерлер катышты.
Семинардын жүрүшүндө "Мамлекеттин агрардык саясатынын стратегиялык максаты - бул, атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба өндүрүшүнүн эффективдүү моделин түзүү менен өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун жана өлкөнүн экспорттук дараметин камсыздоо болуп саналат".
"Бул максаттарды чечүүгө бизге рыноктун шартына багыт алган жана айыл чарба өндүрүшүндө айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба кооперативдерине демократиялык башкаруу механизми менен биригүү принциптери керек"- деди министр Нурбек Мурашев.
Тегерек столдо жеке жана дыйкан чарбаларга колдоо көрсөтүү;
Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерине кооперативдерди түзүү;
“Бир айыл -бир азык”деген аталышта айыл чарба кооперативдерин түзүү;
Айыл чарба кооперативдерин түзүүдө жер-жерлерде массалык-маалымат каражаттары аркылуу иш-чараларды жүргүзүү.
Тегерек столдун жыйынтыгы менен аныкталган көйгөйлүү маселелерди ишке ашыруу максатында тийешелүү укуктук-ченемдик актыларга өзгөртүүлөргө жана жеңилдетилген насыяларды, айыл чарба техникаларын, кайра иштетүү жабдыктарын берүү жагын колго алуу; кооперативдерди 2017-2021-жылдарда өнүктүрүү концепциясындагы жана “Жаңы доорго-Кырк кадам” программасында иш-чараларды аткаруу максатында ар бир облуста ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен министрликтин ортосунда жумушчу топторду түзүп биргеликте иштөөнү камсыз кылуу максатында презентациялар окулуп, сунуштар айтылды.
Тегерек столдун жыйынтыгында дыйкандар-фермерлер суроолорду беришип, жеткиликтүү жоопторду алышты.
Министр Н. Мурашев жана министрликтин өкүлдөрү жазгы талаа жумуштарына карата дыйкандардын көйгөйлөрүн өз жеринен көрүп, таанышып кыдырууда.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок