Новость 19 февраля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Айыл чарба министрлигинин адистери Талас облусунун райондорунда дыйкан-фермерлерге  агрозоовет окутууларды өткөрдү

         2018-жылдын 16-февралында Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондорунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин адистери Өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба тармагын адисдештирүүдө прогрессивдүү технологияларды жайылтуу менен кирешелүү жана экспорттук суроо-талапка ээ болгон айыл чарба өсүмдүктөрүн жаңы сортторун  дыйкандарга сунуштоо менен дыйкан фермерлерди сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылуу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, мал чарба продукцияларды кайра иштетүүдө алдыңкы иновацияларды өздөштүрүү боюнча фермерлерге практикалык жардам көрсөтүү жөнүндө агрозоовет окуутууларды жүргүзүп, семинарларларды өткөрдү.
17-февралда  адистер Талас, Бакай-Ата районундорунда  жергиликтүү дыйкан-фермерлерге презентацияларын окуп, маалыматтарды беришип, агрозоовет окуутууларды жүргүздү.
Окуутууга, Талас облусунун райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары-акимдери, министрликтин башкы адиси К. Жолдошева, Тамак-аш жана кайра иштеттүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н. Казыбеков, Айыл чарба өсүмдүктөрдүн экспертизациялоо департаменттинин орун басары Н. Малабаев, Республикалык топурак агрохимиялык станциясынын топтун жетектөөчү адиси У.Кобеев, Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борборунун жетектөөчү адиси А. Иманалы уулу,  Талас облусунун өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин башчысы К. Бокуев жана  райондордун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айыл чарба адистери, жергиликтүү дыйкандар-фермерлер катышты.
Окуутууда,  Айыл чарба экологиялык таза продукцияларын өндүрүү, Өсүмдүктөрдүн негизги түрлөрү, Ветеринариялык дары-дармек каражаттарынын айыл аймактарда айлануусу, Топурактын күрдулүүгү, Айыл чарба техникалары жөнүндө, Карантин боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттери жана зыянкечтери деген темаларда презентациялар окулуп, маалыматтар берилди.
Семинардын жыйынтыгында жергиликтүү дыйкан-фермерлер адистерге өсүмдүктөрдүн илдеттери жана зыянкечтери, Ветеринариялык дары-дармектерди туура сактоо  боюнча суроолорду беришип,  жеткиликтүү жоопторду алышты.

 

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок