Новость 2 февраля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

         Айыл чарба министрлигинин адистери Баткен районунда дыйкан-фермерлерге окутууларды жүргүзүүдө

         2018- жылдын  1-февралында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин адистери Баткен облусунун Баткен райондорунда Мал чарба жана өсүмдүк өстүрүү тармагын адисдештирүүдө прогрессивдүү технологияларды жайылтуу менен алдыңкы инновацияларды өздөштүрүү боюнча фермерлерге практикалык жардам көрсөтүү жана айыл чарба адистеринин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле, мал чарба, балык чарба жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн продукцияларын кайра иштетүү жөнүндө дыйкан-фермерлерге докладтарын окуп, агрозоовет окуутууларды өткөрдү.
Окуутууга, Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Т. Ибраимов, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы А. Пинназаров, министрликтин  башкы адиси Д. Мамбеталиев, министрликтин алдындагы Кыргызагробиоборборунун Баткен регионалдык биофабрикасынын директорунун милдетин аткаруучусу Бахтиер кызы Элмира, Жайыт, мал чарба жана балык чарба Департаменттинин жайыттарды демаркациялоо жана инвентаризациясы боюнча адиси Б. Абдураимов, Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменттинин жайыттарды башкаруу жана пайданалуу бөлүмүнүн башчысы Апсамат уулу Ырысали,  Өзгөн балык чарбасынын директору З.Козубеков жана Баткен районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айыл чарба адистери, Жайыт комитеттеринин төрагалары, жергиликтүү дыйкандар-фермерлер катышты.
Окуутууда,  Тоюттардын баалуулугу жана малдарды тоюттандыруу эрежелери, Жайыт абалын балоо жана мониторинг жүргүзүү, Өсүмдүктөрдүн негизги түрлөрү, Айыл чарба экологиялык таза продукцияларын өндърүү, Айыл аймактардагы жайыттардын тышкы чегаралар боюнча талаш-тартыш маселелер жана алардын чечүү жолдору, Карантин боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттери жана зыянкечтери деген темаларда презентациялар окулуп, кенен маалыматтар берилди.
Семинардын жыйынтыгында дыйкан-фермерлер адистерге суроолорду беришип, жеткиликтүү жоопторду алышты.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок