Новость 12 декабря
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Дангук уинерситети менен биргеликте семинар – окутуу иштери уланууда.
Түштүк Кореянын Дангук университети менен Кыргыз республикасынын аыйл чарба, тамак-аш өнөр жайы, жана мелиорация министрлиги менен биргеликте 2017-жылдын 18-августунда кол коюлган «Ниеттер жөнүндө» протоколунун негизинде 2017-жылдын 12-декабрында Чүй облусунун Сокулук районунун күнөсканалар базасында 2-окуу семинары өткөрүлдү. Семинардын ишине Сокулук районунун фермерлери, адистер жана К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттери катышты.
Семинардын ишине Түштүк Кореянын Кыргызстандагы Толук ыйгарымдуу элчиси Дженг Бенг Ху мырза жана Түштүк Кореянын Дангук университетинин башкы директору, профессор Ли Донг Жин мырза катышты.  Аталган университеттин илимий доктору  Ли Мунг Хенг күнөсканада помидорду корея технологиясы боюнча өстүрүүнүн өзгөчөүктөрү боюнча лекция окуган болсо илимий доктор Ким Жин Гынг кулпунайдын илдеттери жана зыянкечтери тууралуу жана аларга каршы күрөш жүргүзүү ыкмалары боюнча окуу өткөрдү.
Семинар катышуучулары Сокулук районунун “Арал” жана Новопавловка айылдарында жайгашкан күнөсканалардагы өстүрүлөп жаткан айыл чарба өсүмдүктөрүнүн абалы боюнча жеринде таанышышып тажрыйба бөлүштү.
Аталган семинардын 3-бөлүгү 2018-жылдын март айында өткөрүлүшү болжолдонууда.

 

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок