Новость 1 декабря

КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин мал чарбасы боюнча маалыматтар

Мал чарбачылык саясатын өнүктүрүү, асыл-тукум иштери жана илим бөлүмү, 2017-жылдын 1-ноябрына карата мал чарбачылыгынын азыктуулугун өндүрүү жөнүндө маалымат сунуш кылат.
Эт өндүрүү. 2017-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында 319,8 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 5,3 миң тонна, же 1,7 пайызга мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көбүрөөк эт өндүрүлдү.
Белгилей кетчү нерсе 2017-жылдын январь-октябрь айында республиканын баардык облустар боюнча эт көбүрөөк өндүрүлгөн.
Республикада эт өндүрүүнүн жогорулашынын негизги себеби ири мүйүздүү малдарынын башы - 2,4 пайызга, кой жана эчкинин башы - 1,6 пайызга, чочконун башы – 1,5 пайызга , жылкы башы – 3,9 пайызга жана үй канаттуулардын башы 1,6 пайызга көбөйүшү болуп эсептелет. 
Сүт өндүрүү. 2017-жылдын январь-октябрь айында республика боюнча 1351,2 миң тонна сүт өндүрүлдү, 28,4 миң тонна, же болбосо 2,2 пайызга мурунку жылга караганда сүт өндүрүү көбүрөөк.
Республика боюнча сүт өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшүнүн негизги себеби уйлардын башы 1,7 пайызга көбөйүшү жана республика боюнча орточо ар бир уйдан саалган сүт 0,7 кг көбөйгөн болуп эсептелет.
Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөн.
Жумуртка өндүрүү. 2017-жылдын отчеттук мезгилинде республикада 442,8 млн. даана жумуртка өндүрүлүп, же былтыркы жылга салыштырмалуу 36,1 млн. даана же 108,9 пайызга көбүрөк болгон, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу.
Республиканын баардык облустарда жумуртка өндүрүнүн жогорулашы байкалат. Мисалы, Чүй облусунун чарбаларында жумуртка өндүрүү - 113 пайызга көбөйгөн, Ошто – 106,3 пайызга, Ысык-Көлдө – 103,2 жана Жалал-Абат облусунун чарбаларында – 103, 0 пайызга көбөйгөн.
Жүн өндүрүү. 2017-жылдын 1-ноябрына карата республикада 12620 тонна жүн өндүрүлгөн, же былтыркы жылга салыштырмалуу 101,9 пайызды түздү.
Баардык облустар боюнча жүн көбүрөөк өндүрүлгөн. Орточо ар бир койдон 2,4 кг жүн кыркылып алынган.

  

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок