Жалпысынан жайыттарды пайдаланууга чогултулган акча каражаты 2009-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамы кабыл алынгандан бери өсүү байкалып жатат. 2009-жылдан 2016-жылга чейинки жайыт жыйымын чогултуу 11 млн дон 131 млн го чейин өскөн. 2016-жылы жайыт жыйымы мурунку жылга салыштырмалуу 10 млн сомго аз. Чогултулган акчанын көпчүлүк бөлүгү жайыттардын инфраструктурасын жакшыртууга пайдаланылып жатат. Жайыт комитететтери акчаны кайда жумшаш керек экендигин жолдорду, көпүрөлөрдү ремонттон өткөрүү же куруу, же кандайдыр бир техника алууну өздөрү чечип жатышат. Реформа болгон 7 жыл ичинде Бүткүл дүйнөлүк банк жана ИФАД каржылаган улуттук долбоор аркылуу 15 миң км жайыт жолдору оңдолуп (курулуп), 1600дөн ашык көпүрө, 750 дөн ашык суу түтүктөрү курулду.
Учурда республиканын жети облусунда гранттык каражаттарды берүү иштери улантылып жатат.
“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү -1” долбоору Нарын жана Ысык-Көл облустарынын жайыттарынын инфраструктурасын жакшыртууга 2013-жылдан бери 222 млн сомдон ашык акча каражатын жумшады. Ал эми “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 2” долбоору Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жайыттарын колдоого 75 млн сом бөлүнгөн. Мындан сырткары, жайыт пайдалануучулар өздүк салымын накталай акча түрүндө, өздөрүнүн эмгеги жана материалдык жактан кошуп жатышат. “Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу” долбоору кийинки жылдан баштап Талас жана Чүй облустарынын Жайыт комитеттерине грант берүүнү пландап жатат.
Грант каражаттарын алуу үчүн Жайыт комитеттери кичи долбоорлорду жазышат. Айрыкча жайыт пайдалануучулар жайыт жолдорун оңдоодо же көпүрөлөрдү курууда пайдалануу үчүн оор техникаларды сатып алгысы келет. Мындан сырткары, жаныбарлардын ден-соолугун коргоону жакшыртууну каалашат, (койлорду кыркууда көчмө пункттарды, күпкөлөрдү уюштуруу), түздөн-түз жайыттардын инфраструктурасын жакшыртууга багытталат.