Новость 22 сентября

 

Кыргызагробио борбору күздүк талаа иштерин жүргүзүүдө биокаражаттар менен камсыз кылуу үчүн өндүрүштүк даярдык иштерин бүткөрдү

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргызагробио борбору жана анын алдындагы ишканаларда республика боюнча чарбаларда күздүк талаа иштерин жүргүзүүдө биокаражаттар менен камсыз кылуу үчүн өндүрүштүк даярдык иштери жасалып бүткөрүлдү.
Күздүк эгинди себүүдө негизинен экологиялык таза биостимулятор “Биолигнинди” колдонушат.
Биолигнин
-дан эгиндеринин күчтүү тамыр системасын пайда кылуу менен, кыш мезгилинин катаал шарттарына туруктуу болушу үчүн кыртыштан азык заттарды эң жакшы сиңиришине шарт түзөт;
- машак берүүчү сабактарын 3-4 эсеге чеийн жогорулатат, ошонун эсебинен себүү нормасын 20%га чейин төмөндөтүп, жогорку түшүмдү алууга шарт түзөт;
-дандардын жатып калышына каршы туруктуу кылып, түшүмдү коромжусуз жыйноого шарт түзөт;
- толук кандуу машакты пайда кылат, көңдөй дандар болбойт;
-белоктун топтолушун жогорулатуу менен тунуктугун жана протеиндин кармалышын жана ошондой эле дандын абсолюттук салмагын жогорулатып, дандын сапатын жакшыртат;
-өсүмдүктөрдүн тамыр чирик жана кара көсө илдеттерине каршы иммунитетин жогорулатат.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок