Новость 17 августа

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрилигинин Кыргызагробиоборбору күнөсканачыларга окутууларды өткөрдү

Азыркы учурда жабык кыртыш шартында жашылча өстүрүүчүлөр күнөсканаларда эски өсүмдүктөрдүн калдыктарынан тазалап, жаңы томаттын, болгар калемперинин жана бадыраңдын көчөттөрүн көчүрүп отургузуу кызуу жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрилигинин Кыргызагробиоборбору Чүй областынын Маевка, Төрткүл, Фрунзе, Ош областынын Шарк, Октябрь, Жалалабад областынын Бүргөндү, Сузак, Шамалды Сай, айыл аймактарындагы күнөсканачыларга “Жабык кыртыш шартында жашылчаларды өстүрүүдө биопрепараттарды колдонуу менен алардын жагымсыз шарттарга туруктуулугун жогорулатуу” деген темада окутуулар өткөрүлдү.
Кыргызагробиоборбору мындан ары да республиканын айыл аймактары тыгыз кызматташып, күнөсканачыларга окууларды өткөрүүнү улантмакчы.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок