Чүй облусунун Жайыл райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын 2017-жылдын 9-августуна карата маалыматы
Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Чүй облусунун Жайыл райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы 2017-жылдын 9-августуна карата “Айыл чарбаны каржылоо - 5” долбоорунун негизинде ААК “Айыл Банк”- 70,120 млн.сом, “РСК Банк” аркылуу 25,280 млн. сом, ААК “Кыргызстан” Банк аркылуу 9,31 млн.сом, “Бакай Банк” аркылуу 19,2 млн.сомго насыялар берилди. Анын ичинен: Мал чарбасына 135 кардарга 59,260 млн.сом; талаачылыкка 58 кардарга 24,65 млн.сом; кайра иштетүүгө 5 кардарга 39,3 млн.сом берилди.
ААК “Айыл Банк” аркылуу лизингге 5,5 млн.сомго , “Полесья - 812” маркасындагы 1 даана комбайн жана 1даана 300 миң сомдук жер семирткичтерди чачуучу айыл чарба шайманы берилди.
Дыйкан-фермерлердин, айыл чарба ишкерлеринин, бириккен дыйкан чарбалардын, айыл чарбага тийиштүү, жерге тийиштүү маселелери боюнча оозеки жүзүндөгү кайрылуулары толук өз убагында каралып чыкты.