Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кызматкерлери сыйланды
Кыргыз Респубдикасынын мамлекеттик мекемелеринин кызматкерлеринин арасында өткөн Спартакиада байгелүү орундарды камсыз кылууда жана коомдук иштерде жигердүүлүктү көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кызматкерлери сыйланат.
Бүгүн 7-июлда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н. Мурашев өз колу менен министрликтин 4 кызматкерине “Айыл чарбасынын отличниги” төш белгисин такты. Ал эми 9 кызматкерге министрликтин Ардак Грамотасын тапшырды.
Кыргыз Респубдикасынын мамлекеттик мекемелеринин кызматкерлеринин арасында Спартакиада өткөн спорттук таймашта Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги фолейбол боюнча 3-орунду, ок атуу боюнча 2-орунда ал эми кол күрөш боюнча 3-орунду ээледи.
Жалпы жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргыз Респубдикасынын мамлекеттик мекемелеринин арасында 10-орунду ээледи.