Новость 24 ноября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

19 - ноябрда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н. Мурашев “Кошой” АЧК ишканасында болуп, 2017 - жылга ишкананы ишке киргизүү боюнча ишкананын жетекчилиги менен жолугушту

        2016- жылдын 19 - ноябрда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н. Мурашев “Кошой” АЧК ишканасында болуп, ишкананы  2017 - жылга ишке киргизүү боюнча ишкананын жетекчилиги менен жолугушуп, талкуу жүргүздү. Андан кийин “Каинды-Кант”  АЧК ишканасында болуп кант кызылчасын кабыл алуу жана кайра иштетүүнүн жүрүшү менен таанышып чыкты. Ишкананын жетекчиси менен кант кызылчасын кабыл алуудан тартып  кант чыкканга чейинки баардык процесстер менен таанышып, жумушчулар менен сүйлөшүп, ишкананын жетишкендиктери жана көйгөйлөрү менен таанышып чыкты. 11,0 га жерден 658,5 миң тонна кант кызылча  жыйналып, баардык жыйналуучу түшүмдүн жыйынтыгы 98% түздү. Түшүмдүүлүк 592 цга айланды. Кант кызылча  кабыл алуучу пункттар  607,0 миң тонна кабыл алынып, зводто  200 миң тоннасы кайра иштетилди.    Белгилей кетүү керек акыркы жылдары “Каинды-Кант”  АЧК тарабынан кант өндүрүү тармагын өнүктүрүү багытында  иштер жүргүзүлгөн. Баардык процесстер автоматашырылып жана технологиялар киргизилип жатат. Быйылкы жылы кант кызылчасын кайра иштетүүдөн чыккан акиташтын калдыктарынан жер семирткич даярдоочу аппараттар орнотулуп,  “Дефекат” деген жер семирткич күнүнө  200 тоннадан чыгарыла баштады. Бул жер семирткич жердин кычкылдыгын азайтып, жерди магний, фосфор, калий, азот  жана башка микроэлементер менен байытат. Составында кальцийдин көлөмү 30% чейин, ал эми 5 тонна “Дефекатты” жерге чачканда жер 30 кг азот, 50 кг магний, 50 кг фосфор менен камсыз болот.

Назад

Информационный блок