Новость 17 октября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Кыргыз Улуттук Агрардык универстетинин алдындагы Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институнун 85 жылдык мааракеси болуп өттү. 85 жылдык тарыхы бар бул институттун окумуштуулары мал чарба адистери менен тыгыз жана туруктуу иштешип, ушул мезгилге чейин айыл чарба багытында бир канча ийгиликтери багындырышты. Айталы, аз көлөмдө эт берген ири мүйүздүү малдардын пародасынан жогорку көлөмдө эт берген уй пародасын жайылтышты. Алдынкы технологиялардын жардамы менен учурда сел ексия, жасалма уруктандыруу иштерин акырындап жолго коюп келишүүдө. Андан тышкары тоолу кыргыз меринос коюн, Чүй сүт багытындагы уй пародасын, Кыргыз жылкы пародасын айтор мал чарбасындагы баардык багыттагы жандыктардын жаңы пародаларын тажырыйбадан өткөрүшүп, эл арасына кеңири жайылтышууда. Бул иш чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттик адмистрация башчысынын биринчи орун басары Аалы Карашев жана Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри катышты.

Назад

Информационный блок