Новость 3 октября

2016 жылдын 30-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын чарбалык субьектеринде оруп жыйноо иштеринин жүрүшү тууралуу
маалымат.

1.Айыл чарба техникалардын даярдыгы жана күйүчү майлоочу майлар менен камсыздыгы.

Жогорку темп менен тракторлорду оңдоп түзөө иштери жүрүп жатат, жалпы республика боюнча 21892 даана тракторлордун 19635 даана ишке жарактуу же 89% түзөт. Тоют жыйноочу техникаллардын (трактор чөп чапкычтары, прессподборшиктер. трактор тырмоочтор), 93-98% даяр. Дан тазалоочу 495 техникалардан 410 даана ишке даяр, же 83%,  трактор чиркегичтердин 9843 төн 8658си ишке жарамдуу, же 88%, түштүк региондорунун жана Чүй облусунун зернотоктору толук даяр.
Дан жыйноочуу комбайндардын оңдоп түзөлгөндөрү:
-Чүй облусу боюнча 904 даанадан 815 бирдик даяр же 90%;
-Талас облусунда 95 даанадан 79 бирдик даяр же 84%;
-Ош облусунда 214 даанадан 176 бирдик даяр же 83%;
-Баткен областында 82 даанадан 70 бирдик даяр же 86%;
-Жалал-абад облусунда 175 даанадан 121 даяр же 70%;
- Ысык-Көл облусунда 540 даанадан 446 даяр же 82%.
Айыл чарба техникаларынын лизинги долбоору боюнча быйыл республиканын дыйкандарына 170 бирдик айыл чарба техникалры берилди.
Республиканын фермерлерине оруп жыйноо иштери үчүн күйүүчү-майлоочу материалдары менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга жетишээрлик. Мындан дизельдик отундун колдо бары 34,5 миң тонна, же болбосо 83,6%, орточо 1 литрге 33,2 сомдон, ал эми унаа бензини  8,0 миң тонна, же болбосо 82,8%, орточо 1 литрге 30,6 сомдон.

2.Оруп жыйноо иштеринин жүрүшү.

Кыргыз Республикасынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы берген маалыматтары боюнча, республиканын Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарында буудай жана арпа дан өсүмдүктөрүнүн оруп жыйноо иштери аяктады. Ал эми, калган облустарда аяктоонун алдында турат. Республика боюнча 442,1 миң га кылкандуу дан эгиндер жыйналды, же болбосо жыйналуучу аянттан 96,9% болду. Айдоолордо 357 даана дан оруучу комбайн иштеп жатат, анын ичинен эң көп 195 даана Нарын облусунда болууда. Анын ичинен 29 комбайн  башка региондордон тартылууда. Кылкандуу дан өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү бункер менен орточо эсептегенде республика боюнча 26,2 ц/га түздү, же болбосо былтыркы жылга салыштырмалуу 1,0 ц/га көп. Дүң жыйымы болсо 1158,6 миң тоннаны түзүп же былтыркы жылдан 29,5 миң тоннага көбүрөөк.
Буудай 262,9 миң га жыйналып, республиканын жыйналуучу аянтынын 97,2% түздү, орточо түшүмдүүлүгү 27,2 ц/га болуп 1,1 ц/га былтыркыдан жогору. Арпа болсо 179,2 миң га же 96,4%, орточо түшүмдүүлүгү 24,7 же 1,0 ц/га ошондой эле былтыркы жылдан жогору. Дүн жыйымы 442,9 миң тонна болуп былтыркы жылдагыдан 54,9 миң тоннага көп. Буудай түшүмдүүлүгүнүн эң жакшы көрсөткүчү Жалал-Абад облусунда болуп,  орточо – 30,7 ц/га түздү.  Былтыркы жылга салыштырмалуу 1,2 ц/га жогору.
Арпа боюнча Ысык-Көл облусунда орточо түшүмдүүлүк 29,0 ц/га болду. Бардык себүү аянттардан 29,3 миң га жыйнап же 95,4% пайызды түзөт.
Жүгөрү жыйноо иштери жогорку темпте жүрүүдө. Республика боюнча жалпы 67,5 миң га жыйналып, программага карата 66,4% түздү. Түшүмдүүлүк орточо 61,7 ц/га болуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 1,5 ц/га көп. Дүң жыйым 416,8 миң тоннаны түзүп былтыркы жылга салыштырмалуу 40,2 миң тоннага көп болууда.
Чанактуу дан өсүмдүктөрдү жыйноо республика боюнча 43,9 миң га жерде жүргүзүлүп, жалпы жыйналуучу аянттын 77,6% түзүүдө. Түшүмдүүлүк орточо 18,8 ц/га болуп, былтыркы жылдан 0,4 ц/га жогору болууда. Дүң түшүм 82,4 миң тонна болуп, былтыркы жылга караганда 4,1 миң тоннага көп жыйналды.
Күрүч жыйноо 6,4 миң га жерде жыйналып, 58,7 % түздү. Түшүмдүүлүк 40,2 ц/га болду. Дүң жыйым 25,7 миң тонна жыйналып, былтыркы жылга салыштырмалуу 7,3 миң тоннага жогору.
Республиканын чарба субьектилери картөшкөнүн түшүмүн жыйноодо. Республика боюнча бардыгы 51,0 миң га казылып же бардык жыйноо аянттын 62,0% түздү, 2015-жылдын көрсөткүчүнөн 10,5 миң га жогору. Орточо түшүмдүүлүгү 166,4 ц/га болуп былтыркы жылдан 4,8 ц/га төмөн, ал эми дүң жыйымы 848,4 миң тонна болуп былтыркы жылдан 194,1 миң тоннага жогору. Картошканын түшүмдүүлүгүнүн эң жогорку көрсөткүчү бул Чүй облусунда болууда -185,0 ц/га түзүп былтыркы жылдан 8,0 ц/га көп.
Ошондой эле жашылча өсүмдүктөрү 822,4 миң тонна жыйналып, же болбосо былтыркыдан 41,6 миң тонна жогору болууда.
Пахта булагы 27,8 миң тонна жыйналып, былтыркы жылга салыштырмалуу 3,6 миң тоннага көп жыйналды.
Кант кызылча 1,0 миң га аянтта жыйналып же жалпы жыйналуучу аянттын 8,8% түздү, түшүмдүүлүгү 510 ц/га болуп, дүң жыйымы 51,0 миң тоннаны түздү бул былтыркы жылга салыштырмалуу 24,0 миң тоннага көп.

Назад

Информационный блок