Новость 13 сентября

         Жайыт департаментинин  жума аралыгында жасаган иш аракети жана Протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө маалымат

 Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу  Жайыт департаменти өз ишин Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2009-жылдын  19-июнундагы № 386, токтомунун  негизинде жана бекитилген  иш планы менен Департамент жөнүндөгү жобого ылайык жүргүздү.
Информациялык иштер  жөнүндө
Жайыт департаментинин жетекчилери жана адистери жер-жерлерге барып, айыл аймактардын жайыт пайдалануучулары менен жолугушуп, аларга Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтомдору жөнүндө кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
         2016-жылдын 8-сентябрынан 10-сентябрына чейин Департаменттин директору жана юристи Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу тарабынан Талас облусунда уюштурулуп жаткан окуу семинар-тренингине иш сапарга барып келишти.
Протоколдук иштердин аткарылышы жөнүндө
2016-жылдын 6-сентябрындагы  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин аппараттык кеңешмесинин  №16 Протоколунун 11-пунктундагы тапшырма  боюнча  төмөндөгүлөрдү билдирет.
- “Бюджеттик Кодекс” тууралуу өткөрүлө турган окууга Департаменттин директорунун орун басары барып катышып келди.
- 2016-жылдын 6-сентябрындаМамлекеттик кадр кызматынын текшерүүчүлүк иш-чарасы болуп өттү.
- Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулуп жаткан кароо-сынакка кызматкерлердин катышуу маселеси каралып, Департаментте “Кыргыз тили кечээ, бүгүн жана эртең” темасындагы тегерек столду уюштуруу пландалып жатат.
Корреспонденциялар жөнүндө
Жума ичинде Жайыт департаментине Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңешинин Аппаратынан жана министрликтерден, ведомстволордон , облустардан жана жайыт пайдалануучулардан  жалпы 11 кат, анын ичинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан-1, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен-5, облустардан-2 жана башка ведомствалардан-3  кат келип түштү. Келген каттарга Департаменттин адистери   Кыргыз  Республикасынын2007-жылдын 4-майындагы № 67чи «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамына ылайык,өз убагында жооп берип жатышат.

Назад

Информационный блок