Кыргызстан Бажы биримдигине кириши, айыл чарбадагы өзгөрүү!
Кыргызстан ЕАЭБге киргени айыл чарба тармагына бир топ эле утуштар болгондугун бүгүн, Кабар маалымат агенттигинде болуп өткөн пресс-конференцияда КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Э.Чодуев билдирди. Кыргызстан Бажы биримдигине кириши менен айыл чарба продукциялары дагы экспорттоодо мүмүкүнчүлүк көбөйдү. Алсак, 2014-жылы 3 миң тоннага жакын айыл чарба продукциясы экспорттолсо, кийинки жылы 400 миң тонна кетти. Ар бир пункта мониторинг жүргүзүп, азык-түлүк коопсуздугун сактап, жакшы продукцияларды экспорттоп жатабыз. Эки лаборатория эл аралык акредитациядан өтүп, бүгүнкү күндө иштеп жатат. Экспорттун потенциалын көтөрүү үчүн бардык аракетте иштеп жатабыз деди министрдин орун басары Э.Чодуев.