Новость 15 августа
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Сауд Арабия Королдугу Кыргызстанга кызыктар!
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев Сауд Арабия Королдугунун өкүлдөрү Саттам Альхважа Асем, Амани Аль-Айди Фарис жана Гассан Насрды кабыл алды. Сауд Арабиядан келген өкүлдөр негизинен Кыргызстандын айыл чарба азыктарына кызыктар экенин, экологиялык таза азыктарга ар дайым талап жогору экенин айтышып, биздин продукцияны экспорттоо үчүн логистикалык, карантиндик лабараториялык борборлорду курууга кызыктар экендиктерин айтышты. Министр Т. Бекбоев өз сөзүндө "Бизден Сауд Арабиясына жылына жыйырма беш тоннага жакын бал, 50-60 тоннага жакын жаңгак экспорттолот. Ал эми Сауд Арабиясынан 30 тоннага жакын курма экспорттолуп келет. Бул көлөм эки өлкөнүн кызматташтыгы, алакасы ортосунда абдан аз көрсөткүч. Менин оюмча ушул жолугушуудан кийин эки тараптуу кызматташтык өнүгөт деп терең ишенем. Кыргызстанда инвесторлорго, сырттан келген ишкерлерге баардык тараптан шарттар түзүлгөн жана мыйзам базасы менен корголгон. Биздин өкмөт дайым ишкерлерди, инвесторлорду коргойт. Ошондуктан сиздер менен иштешүүгө биз дайым кызыктарбыз" деди. Сауд Арабиядан келген өкүлдөр Кыргызстандын жаратылышы ыңгайлуу, экологиялык таза азыктарга бай экенин айтышып министрликке ыраазычылыктарын билдиришти. Айта кетсек, министрлик тараптан Сауд Арабиялык ишкерлерге Сокулук районунан логистикалык, карантиндик лабаратория куруу үчүн атайын жерлер көргөзүлүүдө.

Назад

Информационный блок