Новость 12 августа
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Талаа күнү Ысык-Атада!
Бүгүн, КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги “Аталык груп” агросервис жабык акционердик коому менен биргеликте талаа күнүн өткөрүштү. Мындай талаа күнү жыл сайын өткөрүлүп келет. Талаа күнүнүн негизги максаты республиканын аймактарынан келген дыйкандар бири-бири менен тажрыйба алмашуу менен бирге үрөндөрдү кантип тандоо керектиги туурасында маалымат берүү болуп саналат.  
2 жылдан бери мына ушул Ысык Ата районунда Краснодар илим изилдөө айыл чарба институтунан жүгөрүнүн 3 түрдүү үрөнү алып келинип өстүрүлүп жатат. Жакында түшүмү алынганы турат.  Ар бир түрү ар кандай убакта жетилет. Мисалы, бирөөсү 105-110 күндө, экинчиси 118-120 күндө, үчүнчүсү 126-127 күндө өсүп жетилет.  Жүгөрүнү кандай өстүрүш керек, үрөндү кандай тандап алуу керек деген суроолорго бүгүнкү семинардын катышуучулары, аймактардан келген дыйкан фермерлер кенен маалымат ала алышты.
Мындан сырткары, Ростсельмаш компаниясынын айыл чарба техникалары көрсөтүлдү. Ошондой эле Кытайдын YTO компаниясынын тракторлору менен дагы таанышышты. Алдыда Краснодардан алынып келинген жүгөрүнүн үрөндөрү республиканын башка аймактарына дагы өстүрүлөрү пландалып жатат. 

Назад

Информационный блок