Новость 12 августа
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Сооронбай Жээнбеков: “Мал чарбачылыгынын өнүгүшү өлкөнүн айыл чарба тармагындагы кечиктирилбес милдеттердин бири”
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-августта, Чүй облусуна болгон бир күндүк иш сапардын жүрүшүндө Панфилов районундагы мал чарба продукциясын жана Абердин-Ангусс асыл тукум букалардын уруктарын өндүргөн “Арстанбек” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, Аталган мекеме мал чарба продукциясын жана Абердин-Ангусс асыл тукум букалардын уруктарын даярдап, аны республика боюнча фермерлерге жана жеке жарандарга акысыз таратат. Мындан сырткары ишкана ири мүйүздүү малды жаңыртуу менен жыл сайын эт, сүт азыктарын өндүрүү көлөмүн көбөйтүүдө. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев белгилегендей, мурда иштеп келген мал чарба комплексинин базасында 2002-жылы эт багытындагы ири мүйүздүү бодо малдарды асыроо өнөктүгү башталган. Айрыкча Абердин-Ангусс асыл тукум букаларын жергиликтүү Ала-Тоо асыл тукумдуу уйлар менен жасалма уруктандырууну өздөштүрүшүүдө. Ошондой эле ишканада ар бир жандыктын саны электрондук эсепке алынган. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө өлкөнүн айыл чарба тармагындагы кечиктирилбес милдеттердин бири – бул мал чарбачылыкты мындан ары да өнүктүрүү керектигин айтты. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мал чарбачылыгы менен алектенген ишканаларды колдоону келечекте да уланта бермекчи деп баса белгиледи.
Kabarlar.kg

Назад

Информационный блок