Новость 9 августа
1144953 3 2x

Айыл чарба техникалардын даярдыгы жана күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздыгы
Жогорку темп менен тракторлорду оңдоп түзөө иштери жүрүп жатат, жалпы республика боюнча 19635 бирдик же факт жүзүндө бар тракторлордун 89% даяр. Тоют жыйноочу техникалардын (трактор чөп чапкычтары, прессподборшиктер. трактор тырмоочтор), 92-93% даяр. Дан тазалоочу 495 техникалардан 406 бирдик ишке даяр, же 84%,  трактор чиркегичтердин 9843дан 8658си ишке жарамдуу, же 88%, түштүк региондорунун жана Чүй областынын зернотоктору толук даяр.
Дан жыйноочуу комбайндардын оңдоп түзөлгөндөрү:
-Чүй областы боюнча 894 даанадан 824 бирдик даяр же 92%.
-Талас областында 95 даанадан 79 бирдик даяр же 84%.
-Ош областтында 209 даанадан 176 бирдик даяр же 83%.
-Баткен областында 82 даанадан 63 бирдик даяр же 77%.
-Жалал-абад областынан 175 даанадан 121 даяр же 70%.
Айыл чарба техникаларынын лизинги долбоору боюнча быйыл республиканын дыйкандарына 170 бирдик айыл чарба техникалары берилди.
Республиканын фермерлерине оруп жыйноо иштери үчүн күйүүчү-майлоочу материалдары менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга жеткиликтүү базар баасында, Республиканын бүткүл унаа куйгуч жана нефтебаза станцияларында топтолгон. Мындан дизельдик отундун колдо бары 13,3 миң тонна, же болбосо 32,1% керектелүүсүнө, орточо 1 литрге 33,2 сомдон, ал эми унаа бензини  3,2 миң тонна, же болбосо 33,1% керектелүүсүнө, орточо 1 литрге 30,6 сомдон.

Назад

Информационный блок