Новость 20 июля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Кызматташтык мындан ары да күчөйт!

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев Россия Федерациясынын Кыргызстандагы соода сатык өкүлү Валерий Сагитович Латыповду кабыл алды. Министр Т. Бекбоев учурда Россияда Кыргызстандын айыл чарба продукцияларына болгон талап күчтүү экенин тилекке каршы өндүрүлгөн продукциялар чийки сырье катары арзан баада сатылып, жергиликтүү дыйкан-фермерлердин эмгеги тийиштүү деңгээлде акталбай калып жатканын айтты. Министр маселени чечүүдө кайра иштетүү тармагына Россиядан инвесторлорду тартуу, чакан ишканаларды куруу, логистикалык борборлорду ишке ашырууда экенин билдирди. Ал эми өз кезегинде соода сатык өкүлү Россия тарап жашылча жемиш, эт-сүт эле эмес фасолго да кызыгуу бар экенин билдирди.

Назад

Информационный блок