Жайыттардын деградация болушуна бөгөт коюуу, мал чарба жана балык чарба тармактарында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу көчмө жыйын өттү
Бүгүн 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын жогорку кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетти жана КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министирлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” жана «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» Мыйзамдарынын иш жүзүндө аткарылышы, жайыттардын деградация болушуна бөгөт коюуу, мал чарба жана балык чарба тармактарында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар туралуу көчмө жыйын өткөрдү.