2016-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Мурашев Нурбек Мурпазылжанович өлкөнүн баардык райондорунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчылары менен таанышты.
2016-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Мурашев Нурбек Мурпазылжанович өлкөнүн баардык райондорунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчылары менен таанышып, айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.“Урматтуу кесиптештер сиздердин бүгүнкү Айыл чарба кызматкерлери күнү менен өзүмдүн жана Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин атынан чын дилимден куттуктайм. Баардыгыңыздарга бакубатчылык, амандык тилеп, дастоконуңуздардан ырыскы үзүлбөсүн демекчимин”.