Жумушка кабыл алынган 47 райондук техконсультанттар үчүн окутуулар башталды
Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү 47 техникалык консультантты жумушка алды. Тендер январь айында өткөзүлүп, сынакка жалпысынан 190 адам катышкан. Эки техконсультант Чүй жана Талас облустарында облустук деңгээлде иш алып барышат, ал эми калганы райондук деңгээлде иштешет. Бишкек шаарында жаңы кабыл алынган техникалык консультанттар үчүн тренингдер башталды. Окутуу 26-февралдан тартып 1-мартка чейин министрликтин кызматкерлери тарабынан өткөрүлөт.
“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1” долбоору боюнча 13 адис Ысык-Көл жана Нарын облустарында, “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 2” долбоорунун алкагында 18 адис Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында жана “Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу” долбоору боюнча 16 адис иш алып барат. Ар бир техконсультант 10 Жайыт пайдалануучу бирикмелери менен иштеп, жайыттарды пайдалануу жана башкаруу боюнча жамааттык планды даярдоого, жайыттарга мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө, жайыт пайдалануучулар арасында жаңы технологияны таркатууга жардам беришет.
В Кыргызстане начаты обучающие семинары для 47 техконсультантов по пастбище пользованию
В Кыргызстане начаты обучающие семинары для 47 техконсультантов по пастбище пользованию недавно принятых на работу, в рамка по реализации проектов в сфере сельского хозяйства.