Жаңылык

Учурда республика боюнча 2536 даана күнөскана иштеп жатышат

Азыркы учурда республика боюнча 2536 даана күнөскана курулуп жана иштеп жатышат, ал эми жалпы аянты  203,4 га түзөт. Негизинен бул күнөсканаларда фермерлер помидор, бадыраң жана алардын көчөттөрү, цитрус өсүмдүктөрү жана башка өстүрүлөт.

Цитрус өсүмдүктөрү, тактап айтканда лимон жабык кыртышта 1, 25 га аянтта Баткен облусунун Кадамжай районунун фермерлери тарабынан өстүрүлөт. Быйылкы жылы алар тарабынан 10,6 тонна лимон өстүрүлгөн. Өстүрүлгөн продукция негизинен республиканын ички рынокторунда сатылат.

Показать текст
Close