Жаңылык

2020-жылдын 1-мартына карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалымат

Эт өндүрүү. 2020-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында 60,1 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 971 тонна, же 1,6 пайызга мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт көбүрөөк өндүрүлдү.

         Эт өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эң негизги себеби малдын жана үй канаттуулардын санынын көбөйүшү менен байланыштуу, чочкодон тышкары.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2020-жылдын 1-январына карата республикада ири мүйүздүү малдын саны 53,4 миң башка көбөйүп 1680,7башты түздү, кой жана эчкинин саны 98,7 миң башка көбөйүп 6266,7 башты түздү, жылкынын саны 23,9 миң башка көбөйүп 522,6 миң башты түздү жана үй канаттуулардын саны 201,4 миң башка көбөйүп 6211,1 башты түздү, чочконун саны 16,5 миң башка азайып 34,7 миң башты түздү.

Белгилей кетчү нерсе 2020-жылдын январь-февраль айларында республиканын бардык облустар боюнча эт көбүрөөк өндүрүлгөн.

Сүт өндүрүү. 2020-жылдын 1-март айына карата республика боюнча 163,1 миң тонна сүт өндүрүлдү, 3433 тонна, же болбосо 2,1 пайызга мурунку жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу сүт өндүрүү көбүрөөк болду.

Сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны 22,6 миң башка көбөйүшү менен байланыштуу.

Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөнү байкалат.

Жумуртка өндүрүү. Отчеттук мезгилинде республикада 65269 миң даана жумуртка өндүрүлдү, же былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу жумуртка өндүрүү 3783 миң даанага же 106,2 пайызга көбүрөк болгон.

Республикада жумуртка өндүрүүнүн өсүшү үй канаттуулардын саны 201,4 миң башка көбөйүшү менен байланыштуу.

2020-жылдын 1-мартына карата Чүй облусунда жумуртка өндүрүү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төмөндөшү байкалат (96,4 %).

Чүй облусунда жумуртка өндүрүү көлөмүнүн төмөндөшүү Сокулук жана Чүй райондорунда жумуртка өндүрүү 92,8 жана 80,0 пайызга былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу азайганы байкалат. Бул райондордо жумуртка өндүрүү көлөмүнүн төмөндөшүнүн эң негизги себеби “Сокулук” жана “Искра” канаттуулар фабрикаларында, даандуу тоюттардын баалары жогорулашы менен, мекиян тоокторун этке союулуп кеткендигине байланыштуу болду.

Показать текст
Close