ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Ноокат районунда агрозооветокуулардын экинчи этабы аяктады

Ноокат районунун айылдык аймактарында 2020-жылдын 29-январынан баштап 13-февралга чейинки аралыкта бекитилген график боюнча 16 айыл өкмөтүндө райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы түзгөн окутуу тобу менен дыйкан-фермерлерге агрозооветокуулары өткөрүлдү. Негизинен окуулардын жүрүшүндө жазгы талаа иштерине, мал чарбачылыгына, кайра иштетүүгө, кооперативдерди түзүү жана жаңы технологияларды өнүктүрүү боюнча суроолор берилди.
Эмки кезек тармактык окууларды жүргүзүү үстүндө иштер алынып барылат, тактап айтканда 20-февралда бал аарычылык боюнча окутуу жүргүзүлсө, 22-февралда болсо багбанчылык боюнча окутуу иштерин Туркиядан келген адистер жүргүзөт.

Показать текст
Close