ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Министр Эркинбек Чодуев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат менен жолугушту.

Министр Түркия менен Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы анын ичинде органикалык айыл чарбасы, мал чарбачылык, кайра иштетүү тармагындагы келечеги тууралуу айтты.

Эркинбек Чодуев ТИКА менен К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ортосундагы кызматташтытктын артыкчылыгын да билдирди. Министрлик ТИКАнын жетекчилигине кайрылып, Оштогу ЖОЖдордун бирине окутуучу борбор ачууну сунуштады. Министр Картошканы экспорттоо боюнча маселе көтөрдү.
Женгиз Фырат мырза Түркия пахтаны импорттоого кызыктар экенин билдирди.
Эки тарап органикалык айыл чарба тармагында кызматташуу боюнча бир пикирге келишти.

Показать текст
Close