ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Баткен облсунда 6 миң гектар жерди өрүк бактар ээлейт

Зыянкечтерге жана илдеттерге каршы күрөшүүнүн алгачкы жолдорунун бири бул агротехникалык ыкмалар. Алар, даракты отургузуунун схемасын туура тандоо, эрте жазда арыктарды чабуу, катар аралык арыктарды тазалоо, бактын астындагы түшкөн жалбырактарды жыйноо, отоо чөптөрдүн калдыктарынан арылтуу жана даракты туура азыктандыруу. ошондой эле бакты туура бутоо болуп саналат.

1. Отургузуу схемасын туура тандасак, күн дарактын бардык жерине тийип, күндүн табы даракты дезинфекциялап, козу-карын оорууларынын өөрчүүсүнө бөгөт коёт, мөмөнү өз убагында жетилүүсүнө таасирин берет. Бийик өскөн өрүк дарагы үчүн мурда 10х10 схемасы колдонулган, 1 га аянтка 100 дарак. Жер жеке менчикке берилгенден кийин 8х8 схемасы көбүрөөк колдонула баштаган, 1 га аянтка 156 дарак. Азыркы учурда мындан да жыш отургузулган схемаларды жолуктурууга болот. Жыш отургузулган даракты күн жакшы тие турган кылып бутоо зарылчылыгы келип чыгат.  

2. Өз убагында суугарылып, туура азыктандырылган дарактын дени сак болот. Дени сак дарак оорууга жана зыянкечтерге чыдамкайыраак болот. Бүгүнкү күндө минералдык жер семирткичтерден аммиак селитрасы, карбамид жана аммофос базарларда сатылып жатат. 1 гектар бакка көлөмүнө жараша 150-300 кг амоффос күзүндө жана 100-200 кг карбамид эрте жазда берилет. Же болбосо күйгөн кыктан (перепревший навоз) ар бир даракка 10-20 чакадан берилет.  

3. Түшкөн жалбырактарда жана калдыктарда отоо чөптөрдө зыянкечтер өз жумурткаларын кыштоого таштайт жана аларда оорууну козгогуч козу карындардын споралары сакталат.  Ошондуктан кеч күздө же эрте жазда бактын астындагы жалбырактарды, отоо чөптөрдөн тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Жогоруда негизинен зыянкечтерге жана илдеттерге каршы күрөшүүнүн агротехникалык ыкмаларына токтолуп кеттик.

         Биринчи чачуу иштери дарак гүлдөгөнгө чейин, бүчүр көөп, кызарганга чейин жүргүзүлөт. Абанын температурасы 5 градустан жогору болуусу, күн ачык, шамал жок болуусу шарт.

         Биринчи ыкма 3% бордо суюктугу.

  • Көк таш эритмеси менен өчүрүлбөгөн акиташтын эритмесин аралаштыруу жолу менен даярдалат.
  • 1:1, 3:4 өлчөмүндө аралаштырылса жогорку сапат камсыз болот.
  • Көк таштын эритмеси акиташ эритмесине дайыма аралаштырып туруу жолу менен акырындык менен чуурултуп куюлат.
  • Короззияга дуушар боло турган идиштер жарабайт.
  • 600 гр. көк ташты жылуу сууга эритип, муздак суу менен анын көлөмүн 10 литрге чейин жеткирилет.
  • Акиташтын сапатына жараша 800 гр. өчүрүлбөгөн акиташты 1 литр суу куюп олтуруп, анын көлөмүн 10 литрге жеткирет.
  • Акиташтын эритмесинин үстүнө даярдалган эритмени акырындык менен чууртулуп куюлат, акиташтын эритмеси ошол эле учурда аралаштырылып турулат.
  • Даярдалган эритменин түсү асмандын көк түсүндөй түскө ээ болуш шарт.
  • Даяр болгон эритмеге суу кошууга болбойт.
  • Даттан тазаланган темир предметин (мык, бычак, темир зым) эритмеге 2-3 минутага салабыз, эгерде предметти кызыл дат басса эритме туура эмес даярдалган, ал өсүмдүктү күйгүзүп жиберет.
  • Предметти дат баса турган болсо акиташ сүтүнөн аз-аздан чуурултуп куюп, кайрадан темир предмет менен текшеребиз.
  • Даярдалган эритмени  сактоого болбойт, аны чачып жок кылуу керек

Бул чачуу негизинен илдеттерге жана зыянкечтерге каршы колдонулат. Бордо суюктугунда фунгициддик жана овициддик касиеттери бар. Кычкыл чөйрөдөгү жез купоросу зыянкечтердин жумуркаларын күйгүзөт, жез болсо ооруу козгоочу козу карындарды жок кылат.

         Экинчи ыкма 10 л сууга 50 гр. көк таш жана 700 гр. карбамид.

         Бул чачуунун пайдасы 3% бордо суюктугундагыдай эле. Бул жерде көк таштын концентрациясы азайтылгандыгына байланыштуу акиташ суусу менен нейтралдаштырылбайт. Андан тышкары дарак шагы аркылуу  карбамид менен да азыктандырылат.        

Өрүк бактары негизинен март-апрель айларында гүлдөп, майдын 3-декадасынан июль айына чейин мөмөсү быша баштайт. Эрте бышуучу “Майский”, “Ак-Өрүк” сорттору май айынын аягында, июнь айынын башында быша баштайт. Субхани, Исфарак, Нишани, Жолчу сорттору июнь айларында быша баштайт.

Көпчүлүк пестициддерди чачууну мөмө бышуусуна чейин 25-40 күн калганда токтотуу зарыл.

Гүлдөө мезгилинде химикат чачылбайт. Пестициддерди гүлдөө мезгилинде чачуудан экологияга көбүрөөк зыян келтирилет. Бал-челектердеги аарылар да өлүп калат.

         Өрүк гүлүн төккөндөн кийин апрель-май айларында 40-60 күн аралыгында пестицид колдонууга убакыт болот.

         Зыянкечти аныктап туруп мөмө бышканга чейин 1 жолу инсектицид,1 жолу фунгицид чачуу сунушталат.

         Сунушталуучу инсектициддер:

         Кинфос (бетациперметрин, диметоат) (тэз.300+40 г/л)),  сарптоо нормасы 400-500 мл/га, жумушчу суюктуктун сарпталышы 600-1500 л/га. Ошол эле учурда органо-минералдык жер семирткичтерди кошо берүү жагы сунушталат.

         Би-58 (диметоат) (тэз.400г/л), сарптоо нормасы 800-1000 мл/га, жумушчу суюктуктун сарпталышы 600-1500 л/га. Ошол эле учурда органо-минералдык жер семирткичтерди кошо берүү жагы сунушталат.

         Сунушталуучу фунгициддер:

         1% бордо суюктугун чачуу. Органо-минералдык жер семирткичтерди кошууга болбойт.

         Скор (дифеноконазол) (тэз.250 гр/л), сарптоо нормасы 200 гр/га. Ошол эле учурда органо-минералдык жер семирткичтерди кошо берүү жагы сунушталат.

         Мөмө терилип алынгандан кийин кеч күзгө чейин пестициддерди нормадан ашырбай колдонсо боло берет.

         Азыр базарда пестициддин түрлөрү абдан көп, ошондуктан ар бир учурда адис менен кеңешип туруп, пестицидди тандоо сунушталат.

         Өрүк багында негизинен жалбырак түргүчтөр, өсүмдүк кенелери жана биттери, шиш тумшуктар, жалган калканчыктар, мөмө жегичтер жана жуп эмес жибек курттары зыян келтирүүдө.

Показать текст
Close