Жаңылык

Бүгүнкү күндө 873 ветеринар алгачкы каттоодон өткөн.

Уважаемые журналисты,

Быйылкы жылдын баштап жеке ветеринарлар Ветеринардык палатанын Бирдиктүү реестрине катталып башташты. Ветеринардык палатанын максаты — ветеринария тармагында иштеп жаткан жеке ветеринарлардын ишин жөнгө салуу.  

Бүгүнкү күндө 873 ветеринар алгачкы каттоодон өткөн. Жогорку же атайын-орто ветеринардык билими бар 2000ден ашык адистин каттоодон өтүүсү күтүлүүдө, андан кийин алар жеке ветеринардык практика ишин жүргүзүү укугуна ээ болушат. 

Бул иш-чаралардын зарылчылыгы жеке ветеринарларга мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарын берүү жөнүндө мыйзамга өзгөрүүлөр киргенине байланыштуу болду. Атап айтканда: эт азыктарынын сертификациялоосун жүргүзүүгө, малдын ден соолугун көзөмөлдөө программасын аткарууга, эпизоотиялык жагдайга мониторинг жүргүзүүгө окшогон иштерди аткарышат. Келечекте, ветеринарлардын квалификациясына болгон талаптар мындан дагы өсөт.

Показать текст
Close