Жаңылык

Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти Кытай Эл Республикасына келген өсүмдүк продукцияларын кайтарып берди

Кыргыз-кытай «Торугарт» чек ара өткөрмө пунктунда 2019-жылдын 29-октябрында Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген фитосанитардык тобокелдиги жогору болгон карантинге алынган 50 тоннадан ашык эки партия жүк (жаңы алмалар) кармалган.

Коштоочу документтерди жана жүктү карап чыгууну текшерүү учурунда, карантинге алынган продукциялардын партиясы ЕАЭБтин техникалык регламенттерин жана Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу менен (маркалоонун жоктугу жана тез бузулуучу азыктарды ташуу талабы) ташуу белгиленген.

Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызмат адамдарынын текшерүүсүнүн астында карантинге алынган продукциянын партиясын Кыргыз Республикасынын аймагынан Кытай Эл Республикасына кайтаруу ишке ашырылган.

Показать текст
Close