Жаңылык

Министр Э.Чодуев, «Вeijing Agrichinа Pharmaceutical Co., Lid» компаниянын Президентти менен жолукту

Бүгүн Кыргыз Республикасыны Айыл чарба, тамак аш-өнөр жайы жана мелиорация министри Э.Чодуев, «Вeijing Agrichinа Pharmaceutical Co., Lid»  компаниянын Президентти Ю Хин Х мырза менен жолукту.

         Жолугушууда, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы айыл чарба багытында кызматташууну жана Кыргызстандагы эхинокок орусун алдын алуу максатында өндүрүлгөн ветеринардык дары-дармектерди колдонуу боюнча талкуулашты. Ошондой эле, тараптар бул кадамдар Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы үчүн маанилүү экендигин билидиришти.

Мындан сырткары Кыргызстандагы эхинокок орусун алдын алуу долбоорун «Вeijing Agrichinа Pharmaceutical Co., Lid»  компаниясы каржылоону сунуштап, эки тарап айыл чарба тармагын өнүктүрүү багытында тыгыз кызматташууну макулдашты.

Показать текст
Close