Маанилүү жаңылык

Соянын жаңы сортторун, республикабыздын аймактарына жайылтуу максатында семинар өткөрүлдү

2019-жылдын 1-август күнү, Чүй облусунун Москва районуна караштуу Садовое айылында жайгашкан «Энгельс» дыйкан чарбасында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен биргеликте АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID)  “Жогорку түшүмдүү  соянын  жаңы сортторун,   республикабыздын аймактарына жайылтуу менен майда үрөн чарбаларын ирилештирүүдө алдыңкы инновациялык технологияларды колдонуу  жөнүндө”  фермерлер үчүн облустук окутуу, семинар өткөрүлдү.

Семинарга, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.Керималиев, Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Т Аширбаев, министрликтин тиешелүү адистери, Москва районунун администрациясынын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,  “Агролид” Коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин өкүлдөрү, Чүй облусунан райондорунан  келген дыйкан-фермерлер катышты.

Семинардын жүрүшүндө Ж.Керималиев өз сөзүндө сояны өстүрүүнү дыйкандарга жайылтуу менен тамак аш коопсуздугун сактоого да мүмкүнчүлүк түзүлөрүн билдирип, соянын курамында белок көп, чет өлкөлөрдө бул өсүмдүктү эт катары колдонушарын айтты. Ошондой эле, сояны өстүрүп, сыртка экспорттосок дыйкандарга жакшы натыйжа берерин баса белгиледи.

Соя дан өсүмдүктөрүнүн сортторунун сапатын жакшыртуу маселеси , соя өсүмдүктөрдү өстүрүүдө биологиялык препараттардын натыйжалуулугу, соя  өстүрүүдө  органикалык препараттардын натыйжалуулугу, өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттары , соянын базардагы баасы аны экспорттоо боюнча маалыматтар берилип, презентациялар окулду. Ошондой эле семинарга коюлган жер семирткичтер, химиялык дары дармектер, үрөндөрдүн түрлөрү көргөзмөгө коюлду.

Мындан сырткары Энгельс үрөнчүлүк  чарбасына башчысынын А. Асадовага, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан лизингке айыл чарба техникаларын официалдуу тапшыруу иш-чарасы болду.

Иш-чаранын жыйынтыгында,  дыйкандар тарабынан суроолор берилип, жеткиликтүү жооптор айтылды.

Показать текст
Close