Схема проезда
Пресс-релиз/26.02.16/

Бөлүм - Разделы
You need to upgrade your Flash Player or to allow javascript to enable Website menu.
Get Flash Player
РАӨБ үчүн маалымат -
Информация РУАР
Интерактивная карта
Сүрөт - Фотоотчеты
Invest Forum
Издөө - Поиск
             Google     

                  

    В интернете
    МСХиМ
Для кооректоного отображения
меню установите последнюю
версию FLASH PLAYER

Издөө - Поиск
Loading
Пресс-релиз/26.02.16/

Химиялаштыруу өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин
2015-жылдын ичинде аткарган иштери жөнүндө
МААЛЫМКАТ


ЭАЭБ келишимдик-укуктук базасы менен улуттук мыйзамдарды шайкештештирүү.
- 2015-жылдын 12-январында “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын № 2 Мыйзамы кабыл алынды;
- КР үчүн карантиндик мааниси бар зыяндуу организмдердин Тизмеси актуалдаштырылды (2014-ж. 29-сент. КР Өкмөтүнүн № 552-токтому);
- Бажы союзунун бажы аймагында жана Бажы союзунун бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролго (көзөмөлгө) алынуучу карантиндик продукциялардын (карантиндик жүктөр, материалдар, товарлар) тизмеси бекитилди (КР Өкмөтүнүн 2014.7.10. №583-Токтому);
- КР Карантиндик фитосанитардык эрежелери жана реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди (КРӨ 2015.18.06. №376-Токтому);
- Карантиндик зыяндуу организмдерди табууга карантиндик фитосанитардык изилдөөлөрдү жүргүзүү методикасы иштелип чыкты жана бекитилди (КР АЧММ 2015.21.04. № 14 Буйругу).
Өндүрүштүк иш-чаралар. Агрохимиялык абал. Жер семирткичтер менен камсыздоо. Азоттук минералдык жер семирткичтердин (МЖС) керектөөсү 200,0 миң т. түзсө, 2015-ж. 31-дек. карата 114,8 миң т. же 57,4% МЖС алынып келинген. 
МЖС баасы: Чүй жана Талас облустарында:аммиак селитрасы (РФ)-21-25 сом/кг, аммиак селитрасы (РК)-18-19 сом/кг, аммофос (РК)-28-32 сом/кг; түштүк боюнча: аммиак селитрасы (ӨР)-318,5$/т же 19,5 сом/кг түздү. Андан сырткары, ташып келүүчүлөр 521,3 тонна органоминералдык жер семирткичтерди (ОМЖС) алып келишти.
Азоттук ЖС менен азыктандырылган күздүк кылкандуу дан эгиндердин аянты-145,6 миң га, же пландан 81,8% түздү.
Фитосанитариялык абал. Бардыгы 481,2 миң га аянт жеринде изилдөөлөр жүргүзүлдү. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен айыл окмотторго 963 сигналдыкбилдирүүлөр берилген.
Сигналдык билдирүүлөрдүн негизинде дыйкандар тарабынан: зыянкечтерге жана илдеттерге каршы 207,1 миң га аянтта химиялык иштетуулор; отоо чөптөргө каршы 191,3 миң га; жаздык кылкандуу дан эгиндеринин 37,3 миң т. үрөнү ууландырылды (план - 55,1 миң т. же 68%); 2015-ж. 18-дек. карата 34,1 миң т. күздүк кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү ууландырылды (план - 40,2 миң т. же 84,9%), пахтанын 0,4 миң т. үрөнү ууландырылды (план - 0,5 миң тонна).
Зыяндуу чегирткелер менен күрөшүү. Республика боюнча 82163 га жер аянты изилденди. Дарыланды -59584 га. Чегиртке жана америкалык ак көпөлөккө каршы күрөшүү боюнча иш чараларга республикалык бюджеттен 22755,3 миң сом бөлүнгөн.
Фитосанитардык карантиндик экспертиза боюнча. Республикалык бюджетттин эсебинен 1500000 сомго Борбордук жана Ош лабораторияларынын (БӨКЛ жана ОӨКЛ) имараттарын аягына чейин жабдып жана ремонт жүргүзүлдү.
КРӨ 2015.02.04. №185 Токтому менен лабораториялардын штаттык саны 10 шт. бирдикке көбөйтүлгөн.
БӨКЛ жана ОӨКЛнын аккредитация процедуралары аяктады (БӨКЛ аккредитация аттестаты - № KG417/КЦА.ИЛ.093, ОӨКЛ - № KG417/КЦА.ИЛ.095).
РФ ФТС жана РФ Бирдиктүү операторуна Россельхознадзор менен макулдашылган лабораториялык жабдуулардын тизмеси, ОӨКЛ имаратын (400 м2) курууга жана БӨКЛ капиталдык ремонтуна эсептөөлөр берилди.
“КРӨ жана Казакстан РӨ ортосундагы техникалык жардам көрсөтүү  жөнүндөгү Протоколго киргизүү үчүн Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын жана Каракол шаарларында 5 карантиндик фитосанитардык лабораторияларды куруу жана жабдуу боюнча финансы каражаттарынын эсептөөлөрү (1160,0 миң $) менен иш-чаралардын тезмеси Казакстан АЧМ менен макулдашылды. Аталган шаарлардагы лабораторияларды куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча иштер аяктады.
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялардын 10 адиси жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча 17 адис Бүткүлроссиялык өсүмдүктөрдүн карантини борборунда Москва шаарында окуп келишти.
Өсүмдүктөрдүн карантинин боюнча лабораторияга 1374 үлгү келип түшкөн жана 1486 экспертиза жүргүзүлгөн.
Карантиндик фитосанитардык зоналарды белгилөө боюнча иш-чараларды күчөтүү. КР аймагында алтын түстүү картошка нематодасы боюнча фитосанитардык зона Чоң-Кемин өрөөнүндө, кара-коло-кызыл карагай мурутчаны боюнча Чуй облусунун Фрунзе лесхозунда белгиленген.
Карантиндик фитосанитардык зоналар жана режимдердибелгилөө боюнча иш-чараларды күчөтүү максатында КРАЧММ 2015.12.05. №17/1 «ЭАЭБ мыйзамдарынын талаптарына ылайык КР фитосанитардык чараларды жүргүзүү боюнча КР АЧММ ХӨКД иш-аракет Планын бекитүү жөнүндө» жана 2015.29.05. № 19 «Карантиндик фитосанитардык зоналарды жана режимдерди белгилөө максатында изилдөө чараларын уюштуруу жөнүндө» буйруктары чыгарылган.
2015-ж. пестициддерге болгон керектөөлөр. 2015-жылы пестициддерге керектөө 560,4 тоннаны түзөт (бардыгы болуп-575,3 т. же 102,7% ташылып келинген). Анын ичинен үрөнууландыргычка 44,3 т. (36,2 т, 81,7% ташылып келинген), гербициддерге 296,1 т.(313,9т же 106% ташылыпкелинген), инсектицид жанаакаридциддерге 154,2 т. (154,2 т., же 100 %ташылып келинген), фунгициддерге 65,7 т. (71,0 т,108,1%).
Ресурстук (финансылык) камсыздоо. Каржылоо.
ХӨКДне бардык беренелер боюнча 2015-ж. отчеттук мезгилде смета боюнча бекитилген: каралган - 56 232,1 миң сом, 2015-ж. 31-декабрына карата каржылоо ачылган - 58 332,2 мин сом.
Инвестициялар.
1. ГЭФ/ФАО «БА өлкөлөрүндө жана Турцияда пестициддердин жашоо циклдарын жана ТОБ жок кылууну контролдоо» долборунун экинчи жылы ишке ашырылып жатат.
2. «СССРде колдонулбаган химиялык заттар маселесин чечүү максатында эскирген пестициддерди кыскартуу жана кайра колдонуу потенциалын азайтуу» ФАО GCP/RER/040/EC Долбоору ишке ашырылууда.
3. Кавказда жана Борбордук Азияда зыяндуу чегирткелерге каршы улуттук жана регионалдык күрөшүүнү жакшыртуу боюнча бешжылдык Программа» ФАО долбоору ишке ашырылууда.
Маалыматтык консультациялык методикалык камсыздоо. Фермерлердин билимин жогорулатуу максатында ХӨКД адистери дайыма химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча маселелери боюнча СМИде чыгып сүйлөөрдү уюштуруп, басмаларда (республикалык, облустук жана райондук) макалалар басылып чыгарылып турган:
- 16 семинардык окутуу өткөрүлүп, ММК (республикалык, облустук, райондук ТВ, радио, пресса) 28 чыгып сүйлөөлөр, 1004 консультациялар жана сунуштар берилген;
- 300 экз. “КР 2014-ж. зыянкечтердин жана илдеттердин пайда болуусу, таралышы жана 2015-ж. аладын пайда болушун божомолдоо” брошюралар чыгарылып жана РУАР, айылдык аймактарда таркатылды.

Пресс-служба МСХ и М КР

[ 13 ] [ 0.040 ]

Күн - Дата


Өкмөт - Правительство





Жаңылыктар - Новости

Who is Online
Человек на сайте: 13
Аба ырайы - Погода


Валюта курсу - Курс валют
Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому

Шериктештер - Партнеры