Пресс-релиз/12.06.15/
Картошка, капустанын арзандашы чек арадан көз каранды эмес
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Чодуев Эркинбек Урайымович Ак-Тилек өткөрмө чек ара постунан биздин дыйкандар өндүргөн жашылча-жемиштер кандай өткөрүлүп жатканына жеринде күбө болду. Министрдин орун басарынын иш сапарында маалым болгондой документтери бардык талаптарга жооп берген ишкерлер ташыган айыл чарба продукциялары эч тоскоолдуксуз коңшу мамлекеттерге өткөрүлүүдө. Баткендик, Аравандык дыйкандар маалымдап жаткан картошканын, капустанын арзан баада сатылып жатышы бажы кызматынын ишине көз каранды эмес экенин Э.Чодуев билдирди. Бажы, Чек ара кызматынын билдиришинче Ак-Тилек чек ара постунан күнүнө 100гө жакын оор жүк ташуучу унаалар 30-40- тонна жүгү менен Казакстанга өтүүдө.
Эске сала кетсек, Баткендик, Аравандык дыйкандар өндүргөн картошка, капусталар чек арадагы тоскоолдуктардан улам баасы түшүп кетти деп Айыл чарба жана мелиорация министрлигине кайрылышкан.
Айыл жана суу чарба министрлигинин басма сөз кызматы
|