Новость 14 мая
1144953 3 2x

Төө буурчак боюнча маалымат

Республикада 20 жыл мурун кыргыз дыйканчылыгында төө буурчак колдонулбай келген. Бирок, жогорку калориялуулугу жана аш болумдуулугунан сырткары жакшы киреше алып келгендигин эске алып, Талас облусунда төө буурчакты айдоого эң эле ылайыктуу аймак болуп, 90-жылдардын башында бул өсүмдүктүн   (лопатка, китаянка,  жана башка)  себүү материалы төө буурчакты үрөнчүлүгү жүргүзүлбөстөн, Турциядан алынып келинген сортотиптер жөнөкөй тандоо  жана иштелген данды кайтадан себүү жолу менен айдалат.
1994-жылы  болгону 162 гектар аянтта төө буурчактын биринчи түшүмүн эгишет. 2009-жылы айдоо аянты 36 775 гектарды түзөт.
2017-жылы республика боюнча төө буурчак 55,6 миң га аянтка себилген, жалпы айдоо аянттын 98,5% Талас областына туура келет, же  2016-жылга салыштырганда 2,0 миң га көп.
Талас облусунда  2010-жылы 39,6 миң га, 2014-жылы 60,6 миң гектарга жетип,  дүң жыйым 2010-жылы 71,5 миң тоннаны түзүп, 2014-жылы 101,8 миң тоннаны түзгөн. 2017-жылы бул көрсөткүч 96,1 миң тоннага чейин жеткен.
Түшүмдүүлүгү- республика боюнча-16,7ц/га түзүп, 2016 жылга караганда  0,6 ц/га жогору, анын ичинен Талас облусунда түшүмдүүлүк  17,5 ц/га түзүп, 2016-жылы 17,3 ц/га, же 0,2ц/га жогору.
Чанактуулардын салыштырмалуу салмагы 2,7 – 3,2% түзүп, жалпы  айдоо аянттын- 5,0 % ээлейт
Алдын ала эсептөөлөр боюнча  2017-жылы 1 га аянттагы төө буурчакты өндүрүү үчүн кеткен чыгымдар (үрөн, күйүүчү майлар, жер семирткичтер жана иш жүргүзүү үчүн кеткен чыгым жана ар түрдүү төлөмдөрдү (10% башка төлөмдөр, жер салыгы, соцфонд, суу салыгын) кошуп эсептегенде баардык чыгым 42157 сомду түзүүдө.
Ошондо орточо ар гектардан 17,6 центнерден төө буурчак өндүрүп, анын 1 килограммын 40,0 сомдон сатканда жалпы киреше 70400 сомду түзөт. Мындан баардык чыгымды (42157 сом) алып салганда, таза киреше 28443 сомду түзөт
Экспорт: Учурда  төө буурчак дүйнөнүн     23 мамлекетине экспорттолуп жатат. 2017-жылдын  түшүмүнөн     2018-жылдын    7 майга   карата – 74,4миң тонна төө буурчак экспорттолуп, учурда кампаларда-21,0 миң тоннага жакын төө буурчак  бар.

.Сатуу баасы боюнча:        Учурда төө буурчактын  баалары төмөндөгүдөй:
-“Лопатка” – 42-43;
-“Американка” - 42-44 сом;
-“Томатный” – 45-46 сом;
- “Юбка” – 110 сом;
-“Рябой” - 50-55 сомдон болууда.
Фирмалар тазасын алышпай, өздөрү тазалашат.
Төө буурчактын баасынын төмөндөшүнүн негизги себептери:
-2018-жылдын февраль айында Кытай мамлекетинен  Иран, Грузия, Польша мамлекеттерине биздин төө буурчактын баасынан арзан жана ири көлөмдө төө буурчактар жөнөтүлүп, бизге суроо-талап жок болуп калды;
-төө буурчакты өндүргөн мамлекеттер көбөйүп, алардын түшүмдүүлүгү да жогору болуп, бизге суроо-талап азаюуда;
-өзүбүздө үрөндөрдүн биологиялык жана технологиялык касиеттерге ээ болгон сапаттуу себүү материалынын жоктугунан сортотиптери себилип, төө буурчак даны жылдан жылга майдаланып кетүүдө;
-Россия, Турция өлкөлөрүнөн да төө буурчакка суроо-талаптын азая баштады.
Төө буурчактын сатып алуу баасы, дүйнөлүк рыноктун бааларына көз каранды болгондугуна байланыштуу, анын  сатып алуу баасын алдын ала божомолдоо мүмкүнчүлүгү чектелүү. 
Негизги импортер -Турция мамлекети болуп  эсептелет.
Төө буурчак Турция, Россия, Македония, Польша, Болгария, Сербия, Иран, Ирак, Косово, Черногория, Беларусь, Грузия, Литва, Улуу Британия, Румыния, Словения, Армения жана коңшу Казакстан, Өзбекстан ж.б. өлкөлөрүнө жөнөтүлүп жатат.
Учурда өндүрүлгөн продукцияны сатуу  маселеси өтө көйгөйлүү маселе болгондуктан, төө буурчак Ассоциациясынын жумушун күчөтүү керек. Анткени алар  төө буурчактын данын түз сатуу боюнча келишимдер менен иштешет. Министрлик мамлекеттик орган болгондуктан чет мамлекеттерден керектүү сортторду алып келүүнү уюштурат жана аларды сыноодон өткөрүп фермерлерге өстүрүүгө сунуштайт.
Көйгөйлүү маселелер:
Эгерде биз келечекти ойлосок, анда жеке рынокту гана изилдебестен, төө буурчак монокультурасынын кесепеттерин да ойлонушубуз керек, Анткени 80-жылдары Чүй өрөөнүндө кант кызылча монокультурасын өстүрүүдө оор тажрыйба баштан өтүп, анын кесепетинен  бул өсүмдүктүн түшүмдүүлүгү азайып, топурак коркунучтуу ооруларга чалдыккан.
Төө буурчак өстүрүүдө да,  дыйканчылыктын негизги мыйзамдары унутулуп, которуштуруп айдоо эске алынбагандыктан, 2005-жылы Талас облусунун фермерлери  1 гектардан 20,8 центнерден тъшъм алса, , 2013-2017-жылдары гектардан болгону 17,6 центнерге чейин төмөндөгөн.  Ошондой эле товардык үрөндүн өлчөмү 9 ммден  6-8 ммге  кичирейген жана өңү өзгөрүүдө. Мурун  “Лопатка” сортотиби  ак түстө болсо, саргыч болуп, үрөндүн коммерциялык жана керектөөчүлүк сапатын төмөндөтүүдө.
Ошондуктан, Таласта төө буурчакты алмаштырып, которуштуруп айдоо жайылтылбаса, аны узак мезгилде өстүрүү, топуракта фитопатогендердин топтолушуна  түрткү берип, топурактын толугу менен илдетке чалдыгуу коркунучунан, спецификалык оорулардын күчөшүнө алып келип, жерлердин жүгүртүүдөн  чыгып, келечекте төө буучактын айдоого   мүмкүн эмес болуп калат. Бул Талас облусунун фермерлери жана бүтүн Кыргызстан үчүн терс натыйжа алып келет.
Бирок, түзүлүп калган кырдаалды эске алып, министрлик облуста төө буурчак боюнча үрөнчүлүктү колго алуу жана кайра иштетүү боюнча ишкананы түзүүнү сунуштайт.
2019-жылдан баштап  Талас облусунда төө буурчактын айдоо аянтын  этап менен   азайтып, аны менен бирге  эле, эл аралык рынокто, анын ичинде европалык рынокто, талап болгон жаңы сортторду  кеңири издөөдөбүз, бул сапаты начарлап кеткен төө буурчактын түрк сортотиптерин алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле, чанактуу дан өсүмдүктөрдүн ички жана тышкы  рыногунда жогорку талапка ээ болгон, бизде өндүрүү тажрыйбасы кеңейип бара жаткан  соя жана кой буурчакты өндүрүүгө басым жасоо зарыл.

 

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок