Новость 13 апреля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Ош өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториясынын жаңы имаратынын курулуш пайдубалына капсула   салуу аземи өттү

         2018-жылдын 12-апрелинде Ош облусунун Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ϴсүмдүктөрдүн карантини департаментинин Ош өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториясынын жаңы имаратынын курулуш пайдубалына капсула салуу аземи өткөрүлдү.
Лабораториянын имаратынын курулуш пайдубалына капсула салуу аземине министрдин орун басары Чодуев Э.У, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сарыбашов Т.Н., Россия Федерациясынын «Крокус Интернэшнл» АКнын өкүлү курулуштун башчысы – Белашов А.В жана Кыргыз Республикасындагы өкүлү, филиалдын директору – Исламов А.А., «Туран Групп» ЖЧКсынын генералдык директору Матиев Т.А., Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директорунун орун басары Имаров А.Т., ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Белгилей кетчү нерсе, Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Ош лабораториясынын жаңы имаратын курууга 240 миң АКШ доллар акча каражаты Кыргыз Республикасынын Евразиялык Экономикалык Биримдикке кирүү процессинде техникалык жардам катары Россия Федерациясынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун алкагында бөлүнгөн. Курулуштун аткаруучу генералдык подрядчиги «Крокус Интернэшнл» АК (Россия Федерациясы), ал эми субподрядчиги ОсОО “Туран Групп” болуп саналат.
Лабораториянын башкы максаты болуп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн карантиндик зыянкечтерине, илдеттер жана отоо чөптөрүнө ѳз убагында лабораториялык экспертиза жүргүзүү жана аныктоо болуп эсептелинет.

 В г Ош состоялась церемония закладки капсулы в фундамент строительства нового здания Ошской лаборатории по карантину растений
Церемония закладки капсулы в фундамент строительства нового здания Ошской лаборатории по карантину растений Департамента карантина растений Министерства сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики прошла в городе Ош 12 апреля 2018 года.
В церемонии закладки капсулы приняли участие заместитель министра сельского хозяйства и пищевой промышленности Эркинбек Чодуев, Полномочный представитель Правительства Кыргызской Республики в Ошской области Т. Сарыбашов,  представитель АО “Крокус Интернэшнл” (РФ) начальник строительства Белашов А.В., представитель АО “Крокус Интернэшнл” в Кыргызской Республике директор филиала Исламов А.А., генеральный директор ОсОО “Туран Групп” Матиев Т.А., заместитель директора Департамента карантина растений Имаров А.Т.  и другие лица.
Следует отметить, что денежные средства в размере 240 тыс. долларов США на строительство нового здания Ошской лаборатории по карантину растений были выделены в соответствии с Соглашением между Правительством КР. и Правительством РФ. об оказании технического содействия КР в рамках процесса присоединения к ЕАЭС. Генеральным подрядчиком строительства является АО “Крокус Интернэшнл” (РФ), субподрядчиком является ОсОО “Туран Групп”
Главная  функция данной лаборатории – это своевременная лабораторная экспертиза сельскохозяйственной продукции и определение карантинных вредителей, болезней и сорняков растений.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок