ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

ФАО ХƟКДга жардам берди

2020-жылдын 14-февралы жана 28-февралы күндɵрү Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын окумуштуу-энтомологу Дмитрий Милько Химиялаштыруу жана ɵсүмдүктɵрдү коргоо департаментинин (ХƟКД) ɵсүмдүктɵрдү коргоо жана пестициддерди каттоо бɵлүмүнүн адистерин тринокулярдык, стерео микроскоптор менен иштɵɵ, жана ошондой эле практика жүзүндɵ айыл-чарба зыянкечтеринин биологиялык ɵзгɵчɵлүктɵрү менен тааныштырды. Айта кетсек БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнɵн ХƟКДне жардам катары 2 007 557,47 сомго билогиялык тринокулярдык микроскоп (8 даана) жана стерео микроскоп (8 даана) берилген. Бул микроскоптордүн ɵзгɵчɵлүктɵрү микроскопторго камера туташтырылып, кɵрүп жаткан объектти дароо сүрɵткɵ жана видеого тартуу мүмкүнчүлүгүнɵ ээ.

Азыкы учурда ɵсүмдүктɵрдү коргоо жана пестициддерди каттоо бɵлүмүнүн адистери биологиялык тиринокулярдык жана стерео микроскопторду ишке киргизип, дыйкан фермерлерге ɵсүмдүктɵрдүн зыянкечтери жана илдеттери боюнча кеңеш берүүгɵ дайын.

2020-жылдын март, апрель айларында өсүмдүктордү коргоо жана пестициддерди каттоо болүмүнүн адистери Регионалдык химиялаштыруу жана ɵсүмдүктɵрдү коргоо бɵлүмдɵрүнɵ иш сапар менен барышып, ар бир облуска бирден стерео жана тринокулярдык микроскоп орнотуп, адистерди кыска мɵɵнɵттүү окуудан ɵткɵрүп келишмекчи.

Показать текст
Close