ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Жасалма уруктандырууну жайылтып, сүт өндүрүүнү жогорулатса болот

Республика боюнча 2015-2019-жылдарда  ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандырууда 368173 баш уй кунажындар уруктандыруудан өткөрүлгөн. Алардан  229403 баш (80%) музоо алынды, анын ичинен 114711 баш ургаачы торпоктор.

2019-жылда жасалма уруктандыруу жолу менен алынган 90 миң   баштан  ашык  кунажындардан  20 литрден кем эмес сүт саалып алынып, 2019-жылда республика боюнча  ( стат  маалымат) ар бир баш  саан уйдан 20.5 литр сүт саалып алынды же ар бир уйдан сүт саап алуу 2002.3  кг  көтөрүлдү. Бул көрсөткүчкө  2015-жылдан бери   жасалма уруктандыруудан алынган асыл тукум  кунажындардын  сүттүүлүгүнүн негизинде жетишилди.

Жасалма уруктандырууну республика боюнча жайылтып, сүт өндүрүүнү дагы жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр бар.

Показать текст
Close