ЖаңылыкМаанилүү жаңылык

Эркинбек Чодуев Тркиядан келген ишкер Гюркан Калкан менен жолугушту

Бүгүн, 2020-жылдын 18-февралында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Түркиядан келген ишкер, “АТАМДЕР” Ассоциациясынын жетекчиси Гюркан Калкан менен жолугушту.
Жолугушуунун максаты түркиялык инвесторлорду тартып, жаңы ишканаларды куруу болуп саналат.
Жолугушуунун жүрүшүндө Гюркан Калкан мырза айыл чарбасын өнүктүрүү максатында жаңы технологияларды алып келүү ниети бар экенин билдирди.
Колдонула турган жаңы технология органикалык айыл чарба продукциясын өстүрүүнү баштан аяк көзөмөлдөөгө шарт түзөт. Ишкер өзү айтып жаткан технологиянын жардамы менен Кзахстан менен Өзбекстанда пахта жана картофель өстүрүүдөгү жетишкендиктерин айтып берди. Ал Ысык-Ата менен Кара-Балтада фермерлер менен жаңы технологияны колдонуу боюнча келишим түзүлгөнүн айтты.
Министр айыл чарба тармагына көңүл бурган ишкерге ыраазычылык билдирип, айыл чарбасы Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө зор салым кошуучу тармак экендигин айтты. Э. Чодуев жаңы технололгияны пилоттук райондордо колдонуу керектигин билдирди. Пилоттук долбоор жакшы жыйынтык берсе, тараптар мындан аркы кызматташууга даяр.
Министр жаңы технологияны колдонууну ишке ашырууга жардам бере турганын айтты.

Показать текст
Close